Кечээ, 5-ноябрда Лейлек районунда 32 жаштагы депутатты атып кетишти. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин 1986-жылы туулган депутаты Б.К. түнкү саат 23:00 менен 24:00дун ортосунда атылган. Депутат Арка-2 айылынын тургуну болгон. Аны Тажикстандын Худжант шаарындагы ооруканага жеткиришти.

Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here