Бишкектин Элебесов менен Нерченский көчөлөрүнүн кесилишинде өрттөнүп кеткен объект турак үй эмес, кездеме жана кийим сактоочу кампа экенин ӨКМден билдирди.

Кырсык туурасында өрт өчүрүү кызматына саат 21.50лөр чамасында маалымат түшкөн. Азырынча өрттүн эмне себептен чыккандыгы тууралуу маалымат жок.