Кыргызстанга дагы бир памирлик үй-бүлө келип, алар Нарын облусунун Ат-Башы районуна отурукташты. Бул тууралуу Миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова билдирди.

Анын айтымында, боордоштор Кыргызстанга 2-октябрь күнү Дубай аркылуу учуп келишкен.

«Бул үй-бүлөнү деле Нарынга жайгаштырдык. Жалпы алты киши келди, аялы, күйөөсү жана алардын төрт баласы. Боордошторду 10 күн ооруканага жаткырып, бир сыйра ден соолугун текшерттик. Балдарын окутуу максатында алып келдик дегенинен 14 жаштагы улуу кызын Нарын шаарындагы Үсөн Асанов атындагы жатак-лицейге киргиздик. Ал эми жубайлар Режеп, Тайип, Эрдоган деген үч эркек баласы менен Ат-Башы районунун Чар айылына мурдагы памирлик кыргыздардын үйүндө жашап жатышат. Эркек балдарынын окууга жаш курагы жете элек экен. Күйөөсү мал карап иштөөгө макул болгондуктан ошол жакка алып бардык», — деди Мамбетова.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here