Казакстандын Атырау аймагында өлдү деп коюлган киши, эки айдан кийин тирүү үйүнө кайтып келген. Бул тууралуу nur.kz жазды.

Окуя Томарлы айылында болгон.

Туугандарынын айтымында 63 жаштагы  Айгали Супугалиев  ушул жылдын июнь айында дайынсыз жоголуп кеткен. Анын үй-бүлөсү жок болгон. Буга чейин үйдөн кетип калып жүрчү, бирок , тез эле кайтып келчү . Бул жолу узака табылбай койгон.

9-июлда жакындары милицияга жоголуп кеткендиги тууралуу арыз берген. Көп өтпөй милициядан өлүктү таанып алууга чакырган. Бирок табылган өлүк күндүн ысыгынан чирип кеткендиктен, таанууга мүмкүн болбой, экспертизага беришкен. Натыйжада ДНК  99,92 пайыз Айгали Супугалиев деп чыгарган.

Айгалинин байкеси моргдон өлүктү алып келип, баардык ырым-жырымдарды жасап жерге берген. Бардык тууган- тааныштар келип көнүл айтышкан.

Октябрь айынын аягында Айгали тирүү үйгө тирүү кирип келгенде  кызым Сауле  көрүп, жүрөгүнөн «приступ» кармай жаздады-деп эскерет байкеси Есенгали

Айгали жоголгон күнү ал базардан бирөө менен таанышып,ал  башка райондон иштетүүгө көндүрүп алып кеткен. 4 ай иштегенден кийин үйүнө шашып келген Айгали «сюрпризге» туш болгон.

Азырынча экспертиза чыгарган институт менен милициядан бул тууралуу комментарий бериле элек.

Ал эми Айгали сотко арыз бергенге даярданууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here