Ош шаарындагы бала бакчалардын биринде баласын жаздык менен тумчуктурган 26 жаштагы келинге чыгарылган биринчи инстанциядагы өкүмдү Ош облустук соту күчүндө калтырды. Ал эми 1 жаш 7 айлык кыз убактылуу 6 айга камкордукка берилди.

Учурда келинди энелик укуктан ажыратуу маселесин Ош шаардык соту карап жатканын облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаардык соту шектүү келинди 2018-жылдын 23-августунда 12 жыл 6 айга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялаган. Бул чечимге макул болбогон айыпталуучу апелляциялык арыз менен Ош облустук сотуна кайрылган. Арызды Ош облустук соту 24-октябрда карап чыгып, жыйынтыгында шаардык соттун өкүмү күчүндө калтырылды.

Ал эми айыпталуучу келин тергөө учурунда: «Силерден суранам, жардам бергиле. Мен баламды сагындым. Мага баламды бергилечи, экинчи бул ишти кылбайм. Айласыздыктан бул жолго бардым. Балам өлсө өзүмдү кошо өлтүрүп алат элем. Менден кийин бирөөнүн колуна түшүп, кор болуп калбасын деп кол салдым эле. Азыр кылган ишиме өкүнөм.

Туугандарым мени кабыл албай койгон. Алар менден баш тартышкан. Күйөөм менен ажырашып келгенден кийин башка эжелериңдин турмушун бузасың деп, туугандарым менден баш тартышкан. Биз 5 бир тууганбыз, баарыбыз кызбыз», — деген.
Булак:.turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here