Кезинде дүйнөнү дүӊгүрөткөн атактуу боксер, уламышка айлынып калган 49 жаштагы  Рой Джонс акчанын азабынан спорттон дагы эле кете албай жүрөт. Ал: «Флойд Мейвезер менен Хабиб Нурмагомедовдун беттешүүсү болбой кала турган болсо, анда мен Хабибдин чакырыгын жан дилим менен кабыл алам. Бирок жакшы гонарар үчүн мушташам» -деп журналисттерге маек берди. Маалымат катары айта кетсек, Рой өзүнүн профессионалдык карьерасында жалпысынан 1989-жылдын 6  — майынан 2018-жылдын 8-февральна чейин 75 беттеш өткөрүп, анын 66 жолкусун утуп,  9 жолкусунда утулуу ызасын тарткан.  2018-жылдардан кийин акча үчүн аты жыты белгисиз эле мушкерлер менен беттешкен. 2001-жылдан бери реп жанрында ырдап, бир нече альбом чыгарган. бир топ кинолордо эпизоддук ролдорду аткарган. 2015-жылы Путин менен жолуккандан кийин, Орусиянын жарандыгын алган. Орусияда бокс боюнча тренер катары да алектенип келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here