Чүй облусунун аймагында жашыруун иш жүргүзгөн эл аралык террордук уюмдун 9 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Маалыматка караганда, жалпы чет элдик 5 жаран жана кыргызстандык 4 жаран кармалды. Алар Чүй облусунда аракет жүргүзүшкөн. Кармалгандар 2017-жылдан тарта Афганистандагы жана Сириядагы эл аралык террористтик уюмдун катарына башкаларды тартуу менен алектенишкен. Ошондой эле Кыргызстанда жардырууларды уюштурууну көздөп жүрүшкөн. Аталган адамдардын катарында КМШнын жана башка региондогу мамлекеттердин жарандары да болушкан. Алар өз мамлекеттеринде террористтик ишмердүүлүктөргө айыпталып издөөдө жүрүшкөн. Кыргызстанга тажрыйбалуу согушчандарды кабыл алуу жана жаңы мүчөлөрдү даярдоо тапшырмасы менен келишкен.

УКМКнын тергөө органдары козголгон кылмыш ишинин алкагында иликтөө иштерин улантууда. Алар чет мамлекеттердин атайын органдары менен кызматташууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here