Бул сүрөттө кыргыздын кызынын «Хеллоуин» майрамындагы маскарапоздугу…

Кээ бир кездерде алды-артыбызда карабай туруп: “ кыргыз улуу элбиз, укмушпуз, баатырбыз, улуу салттарыбыз бар,  бизге дүйнө суктанып келет”- деп мактансак жаныбызга киши чыдап тура албай кетет. Ошол эле учурда кыргыз оомо, эрчиме, башкага бат “сиӊип” кетме  эл экенибизди эч эле айткыбыз келбейт. Улуттун трагедиясы мына ушул тескери сапатта камтылып жатпайбы.

Кечээ дүйнө  мамлекеттеринин төрттөн бир бөлүгү хеллоиун майрамын майрамдашты. “Эл үрксө, эшек кошо үркөт” болуп, бул майрамды акыркы жылдары кыргыз жаштарынын бир тобу да майрамдап башташты. Ары жок, ини-карындаштарым! Бул майрам силерге чоӊ атаӊардан калган майрам беле? Же кыргыздын салтында сары майдай сакталып, эл жапырт майрамдап келди беле? Этегиӊерди жаап, эсиӊерге келбейсиӊерби?

Бул майрам алгач түндүк Англияда, Ирландияда 19 — 20  кылымда майрамдала баштаган. Анан акырындык менен АКШга, Европа мамлекеттерине жана Азиянын айрым өлкөлөрүнө “вирустай” тараган. Бул майрамдын азабынан ошол эле Европада, АКШда миӊдеген адамдар жашоо менен кош айтышкан. Себеби, жакшылыктын жышаанын жандырбаган, шайтандын ишине азгырган майрам! Ошентсе да, Европанын, АКШнын маданиятынан тереӊ орун да алып калды. Биздин обун таппаган, көкүрөктө көрөӊгөсү көӊдөй жаштарыбыздын бир тобу  бул майрамды Европанын маданиятынан, айрыкча кинолорунан көрүп алып, өпкөлөрү көөп, ошолорду туурап, жинди болуп башташты. Бул майрамдын өзөгү Жараткан берген жакшынакай кебетесин бузуп, орусча айтканда “ужас”, кыргызча айтканда, же Айтматовдук көз карашы менен айтканда маӊкурт болушу керек! Маӊкурт болуп эле тим болуп калбай, ар кандай акылга сыйбас иштерди  аткаруу эрежеси да бар. Ушул нерсе кимге керек! Анча –мынча акылды жыйнап, арыбызга жараша иш кылбайлыбы! Батыштын мындай ыплас майрамына эмне мынча кызыктыӊар? Акыл-эсиӊер ордундабы? Кыргыз качан ушинтип майрамдады эле? Атаӊар, апаӊар ушинтип келесоо болду беле? Нарк-насилди, намысты сактап, кыргыз эле бойдон калбайсыӊарбы?! Көпкөндүктүн да чеги бар эмеспи…

Негизи ар бир адам сулуу,  келбеттүү болгусу келет. Ал үчүн көптөгөн аракеттерди жасап да келишет. Ошол адамдыктын белгисин берип турган жүзүӊөрдү бузуп, көрүнгөн мокочо маскаларды кийип, ай жүзүӊөрдү кордоп, шайтан-шабырлардын сүрөтүн тартып алып, кутурганыӊар кайсы акылга сыят? Андан эмне табасыӊар? Жараткан силерди шайтандын ишин кылып жаткан үчүн ошол хеллоиун жүзүӊөр менен өмүр бою калтырып, жазалап койсочу! Анда кантип жашайсыӊар? Исламда мындай көрүнүш  — айбандан да төмөндүкө түшүү, бузукулуктун жеткен чеги деп каралып, мындай жоосунсуз жоруктардын болушуна эч качан жол бербейт. Андыктан бул майрам ислам дининдеги өлкөлөр үчүн өтөт жат көрүнүш.

Бул майрамды даӊазалап, ого бетер жайылтып жаткан жаштарды маӊкурт дебегенде ким дейбиз? Маӊкуртчулуктун бир түрү ушул эмеспи. Андыктан акылыӊарга келгиле, айланайын келечек ээлери. Бул майрам биз үчүн, биздин эл үчүн эмес. Баса, бийлик бул маскарапоз майрамдан (вирустан) жаштарыбызды сактап кала алабы? Кепилдик жок? Мамлекеттик идиологиябыз жок болсо, сырттан келген ушундай ыплас иштерге кайдан туруштук бере алмак элек? Кеч болуп кала электе ойлонолу, көздү ачып ойгонолу замандаштар!

Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here