Биз бала кезде Брежневдин заманы, кыйынчылыкты башынан өткөзгөн совет эли бир бейпил турмушту көрүп алсын дегенби, кененчилик, арзанчылык жашоо, кыйын замандарды баштарынан өткөзгөн сакалдуу адамдар гана, балдарды тыйып, ушул заман кут кылсын дешип нандын күкүмдөрүн ыргыттырбай, башынан өткөн оор күндөрдү жомок сымал айтып беришчү. Ушундай куттуу заманда сарбагыштын бир учу болгон чоңчарык эли да Кара-Суу айылында элге үлгү катары кеп болгон, бир муштумдай ынтымактуу журт. Зайырбек, Рысбек, Тынар, Акылбек байкелер өрттөй жанып сакалдуулардын оозунан сөз чыга электе шамалдай учуп турган жаш жигиттер, андан кичүүлөрү Эмил, Сакин, Кулубек, Анарбек, Айдарбек,Калеке жана башкалар алардын оозун карап эмне кеп болот экен деп, бүркүттөй аңдып турган жаш жигиттер. Биз кайда бизди кичинекей балдар дешип, өздөрү жакка жолотчу да эмес. Ошол доордо кайсы убак болбосун күн сайын болбосо да, жума сайын той-топур бир үй-бүлөнүн балдарындай чоңчарыктын балдары үймөлөктөшүп ошол жакта. Зайырбек байке айылдын,туугандардын жакшылык-жаманчылыгынын сап башында жүрдү.Байкемсиз ат оюндарынын көркү чыкчу эмес дагы бир касиети жоктон бар кылып уюштуруучулук жагы бар эле.. Ошондуктан, мен Зайырбек байкени бала болуп башыма жүн чыкканы, эс тарткандан көрүп билип жүрдүм. Ал кезде ким чоң аталаш, ким аталаш иш да жок. Зайырбек байкенин атасы Сапар. Сапар, Чорто, Кадыр бир тууган. Сапар ата 70-жылдары акка моюн сунду. Ал кезде  Каройдогу көрүстөнгө сөөктү алып барып коюшчу.Ошол жылдары Каройго алып барып койгонго тыюу салынып калды. Ал жакта манасчы  Шапак Рысмендеевдин бактары болот эле. Биздин бала кез, тоого (дөңдү тоо дечүбүз) чыгып алып, өлүктү алып бара жаткан кербенди карап калчубуз. Кийин атамдан угуп калдым, жакшылык, жамандыкта ал кишини бел кылышып, түшкөн акча, мал-салды тизмелеп, анан ээсинин колуна тапшырчу экен. «Сапар атанын  куда-сөөгү көп эле, анын үстүнө өзүнүн да катышы көп, тиги дүйнөгө узаганда жамандыгын ошолор эле көтөрүп кетти» -деп калчу. Сапардан Ишеке, Зайырбек, Калеке, Саке, Дүпө, Токо. Булар мен билгендерим эле. Зайырбек байкенин чоң атасы Керимкул. Керимкул да өз заманында соода-сатык менен жүргөн адам экен. Керимкулдан Сапар,Чорто, Кадыр. Зайырбек байкенин төртүнчү бабасы Жумабайды «оор күн» деп тергешкен. Согуштун алдында аталаш бир тууганы менин чоң атам Эсенбай каза болгон. Ошондо Жумабайды «жууганга кир» дешсе, «ал кишинин тирүү кезинде жылаңайлак бутун көргөн эмесмин» деп, кирбей коюптур. Жумабайдын Керимкул, Казы, Абдысагын, Макиш сыяктуу балдарынан көп адамдар тараган. Зайырбек байкенин бешинчи атасы Таштанбек. Таштанбек заманынын бир күлүгү, ал бир гана Жантай сыяктуу хандардын өз колу менен тартылган уча жеген. Бул тууралуу атамдын өз оозунан угуп калып кийин Таштанбектин тукуму Турганбекке айтсам: «Ал кезде сенин атаң Кудаяр эмнеге барган жок?»-дейт. Атаман сурасам ал да «Билбейм чоң атаң Жантайхан атасына аш бергенде, Тукур бийдин тукуму Таштанбекке Жантайхан өзү келип уча тартканын айтчу»-деп койгон. Алтынчы  атасы Качыбек. Качыбек өз заманынын интеллигент адамы болгон. Сабатын жоюп, дин илимин кыргыз элине жайылткан окумал адам болуптур. Анын бир тууганы Үкү апаны ошол кезде кыргызды бийлеп турган Эсенкул баатыр Анар деген байбичесинен туулган Куттуксейит деген баласына алып берет. Андан Шамен, Райымбектер туулат. Шамен баралына келгенде Ормонхандын оң колуна айланып, Коконго элчиликке барып, Ормондун керээзи боюнча анын кунун кесет. Шабдан Караколго барып Чыныбайдан кордук көрүп келип, Ормонхандын куну үчүн бугуну чабаарда Шамен, эмне эртең алардан мыкты бала чыкпайт бекен, кунду токтоткула деп токтотуп калган. Бул тууралуу «Эсенбай эсепчи» китебинде кенен жазылган.Жетинчи атасы Карагул. Карагул баатыр адам чыккан. Бердикожо, Санбарак, Абылай хан кыргыз элин каптаганда кол баштап каршы чыккан. Абылай менен кармашта баатырларча салгылашып курман болгон. Ал курман болгон жерди «Карагул-Булак» дешип, ушул күнгө чейин эл урматтаган мазарга айланган.  Зайырбек байке учурунда заправканы кармаган, ошол үчүн аны келиндери «Майчы» деп тергеше турган. Май куйганы келгендерге заправканын ачкычын берип салчу экен, ал кезде бензин деле мурункудай төгүлүп-чачылбай эсептелип калган. Мен жеңил машина менен жүргөндө бир бак жөн эле куюп берип, «чоңураак идиш ала жүрбөйсүңбү» -деп койчу. Бишкекке көчүп кетер алдында Кара-Кужурда   экен, ошол жакка барып калдым  ал жактагы келиндери “Топозчу аке” деп ат коюп алышыптыр.Далай жыл топоз багып элди согум менен камсыз кылды.Ошол күнү таӊ атканча санжыра тарыхты аябай катыра айтышып олтурганбыз . Биз көчүп кетээрде айылга келип Зайырбек байке жакшы каалоо айткандары эсимде. Кийин айылга барып бир-эки жолу жолугуп калдым. Бир ирет таяк таянып калыптыр, аны тамашалап: «Байке эмне карылыкты эрте чакырып калгансыз?»-дегеним бар. Азыр байкап көрсөк улам жаш өйдөлөп Зайырбек байкелердин мууну сакалдуулардын катарына кошулуп калыптыр. Бирок алар бизге мурункудай эле сезиле турган. Эми да комуздун бир кылы чарт үзүлүптүр, жаткан жериңиз жайлуу болсун!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here