Күзгү маал алманын мезгили десек болот болуш керек. Айрыкча бизде Ысык-Көлдүн кыпкызыл алмалары өтө бааланат. Адамдын организмине эң керектүү болгон 15 витаминдин 12си алмадан табылган. Булар В, С, Е, Р жана башка витаминдер. Эгер күн сайын алма жесек, жүрөк-кан тамыр ооруларына болгон коркунучту азайткан болоор элек. Мындан тышкары алма клеткаларды картаюудан сактоочу антиоксидантка бай. Бул жолу алманын адамдын организмине тийгизген пайдасы менен зыянын жана анын косметологияда колдонулушу туурасында кеӊири маалымат берүүнү туура көрдүк.

Алмада башка жемиштерге караганда В2 витамини эӊ көп болгондуктан, алманы жегенден кийин табит ачылат. Андан сырткары В2 витамини тамак сиӊирүүгө абдан жакшы жардам берет. Микроэлементтерден болсо калий, натрий, темир, марганец, кальций, магний, күкүрт, аллюминий, бор, ваналий, молибден, никель, фтор, хром, цинк көп кездешет.

Кан айланууну жөнгө салып, тиштин эмалын тазалайт

Алмадагы темир кандын айлануусуна өтө керектүү зат. Алма боор, бөйрөк, ашказан, ичеги-карындын иштөөсүн жакшыртат. Бет терисинин түсүн жакшыртып, жаш жана сулуу кылып көрсөтөт. Холестериндин өлчөмүн азайтып, ичтин катуусун алдын алып, диареяны эмдеп, иммундук системаны күчтөндүрөт. Жаш балдардын тиштери жакшы өсүшү үчүн тиш доктурлар аларга алма берүүнү сунуштайт. Ал тиштин эмалын тазалайт. Алманын уругунда йоддун көп өлчөмү бар. Күнүнө 5-6 даана урукту жесеңиз –  организмдин суткасына йодго болгон талабы толук бойдон канааттандырылат.

Косметологияда

Көк алма темирге бай

Кызыл алмага караганда көк алмада витаминдер абдан көп. Темирдин булагы болгон көк алмалар ден-соолукка да абдан пайдалуу. Көк алманын данектери адамды бир суткалык йод менен камсыз кылат. . Алма жаштыкты жана сулуулукту узакка сактап калганга да жөндөмдүү келет. Алманын кайнатмасы теринин бырыштарын эң сонун жазат жана жагымдуу кылат. Ал үчүн алманын кабыгын аарчып, 50 грамм сууга салып кайнатып, бир нече апельсин кабыктарын кошуп 2 саат тундуруп коюу керек. Муну күн сайын бетиңизди жууп колдонсоңуз теринин сыйдам, жаш, чың көрүнүшүнө жардам берет. Көк алманын жаңы ширеси терини витаминдер, мөмө кислоталары, туздар, эфир майлары менен камсыз кылат.

Кургак бетке миӊдин бири

Кургак бетке калыптандыруучу маскаларды койсо, жардамын берет.

4 чоң кашык алма уксусун алып, бир аз гана жылытып, ага 3 чай кашык суюк бал жана 2 чоң кашык кайнак суу куюлуп даярдалган сулуу боткосун кошуп, жакшылап аралаштырып, маска жасайсыз. Аны таза бетке 30 мүнөт коюп, андан кийин аны кебездин жардамы менен алып, жылуу суу менен чайкап коюу керек. Витаминдер жана азыктандыруучу заттар терини чоюлчаак кылып, кургак кылбай, сыйдам абалга келтирет. Эгер тери абдан кургак болсо, бул ыкманы жумасына эки жолу кайталаңыз. Ошондой эле бул маскага 2 чай кашык коюу сүттү кошуп койсоңуз, азыктандыруучу касиети мурдагыдан да жогорулайт.

Ашказан жана ичеги-карын ооруларына зыян алып келүүсү ыктымал

Диетологдор алманын курамындагы клетчатканын көп өлчөмдө болуусу колит оорусуна алып келерин белгилешти.Ошондой эле, ашказан жана ичеги-карын ооруларына зыян алып келүүсү ыктымал. Экинчиден, курамындагы кычкыл ашказан жарасын чоңойтуп жиберүү коркунучу бар. Үчүнчүдөн, алманын кычкылы тиштин эмалына катуу таасир берет. Тактап айтканда аны жукартып, тишти сезимтал кылып таштайт. Алма жалбырагынан демделген чайды көп ичпеңиз, анын кант диабетине чалдыктыруусу далилденген.

Самара САЛАМАТОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here