—Нурбек мырза, курулуш тармагы боюнча кененирээк кеп кылалы. Себеби, сиз бул тармактын күнгөй-тескейин жакшы билесиз. Анын үстүнө Жогорку Кеӊештин ушул багыттагы комитетинде мүчө эмессизби. Деги эле Кыргызстандагы курулуш жаатындагы баш-аламандыктар канча иретке келтирилет?

 Чынын айтканда биздин өлкөнүн курулуш тармагы, өзгөчө жеке багыттагы курулуштар дүркүрөп эле өсүп жатат. Ал эми мамлекет тарабынан салынып жаткан социалдык курулуштар боюнча көйгөйлөр көп эле. Маселен, биздин райондо 5-6 жылдан бери бүтпөй турган соцобьекттерди мен көп эле айтып келем. Бирок иш жылбайт. Бул бир эле мисал. Мындай көрүнүш ар бир райондо бар. Учурда, өзгөчө шайлоо маалында эч кандай планы жок эле курулуш имараттарын баштап коюшуп, же аны аягына чыгарбай калтыра беришкен. Эми биз мындай өнөкөттөн арылышыбыз абзел. Биз бул боюнча кайрылуу жасап жатабыз. Бүтпөй турган курулуштарга көбүрөөк акча бөлүп, бүтүртүүнү көздөп жатабыз. Себеби, 5-6 жыл, 10 жыл мурун башталган курулуштардын сапаты кетип, курулуш материалдары касиетин жоготуп жатат да. Бир чыгынып, бир-эки жылдын ичинде бүтпөй келген курулуштарды бүткөрүп алып, андан кийин 5 жылга стратегиялык план менен курулуштарды жүргүзсөк жакшы болот эле. Дагы бир көйгөй – бул курулуштун баасы. Тендер маселеси. Баарыбыз билгендей  бир райондо 30 миллион сомго курулган мектеп, экинчи райондо ошондой эле типтеги мектеп  50 миллионго курулуп жатат. Тендер маселесинде коррупция болгонун ушундан улам эле билсек болот. Мейли курулуш материалдарын ташуу үчүн жол чыгымына 3-4 миллион кетсин. Ошондо деле 15 миллион ашыкча болуп жатпайбы. Бул жагын айтсак, тиешелүү министрликтин ар кандай шылтоодогу жооптору даяр да. Биз ушундан кийин: мындан ары 150 орундуу, 225 орундуу, 700 орундуу мектептерди курууну бирдей пландап чыгып, бааларын да теӊдеп, ошол боюнча куруу иштерин жүргүзүү боюнча өкмөткө тапшырма бергенбиз. Тендерде да көп сумманы коюп коюшат. Коррупциянын баары ушул тендерде. Тендерди бир чоӊ компания утат дагы, алчусун алып туруп, кайра башкага соодалашып сатып жиберет. Ушундан улам сапатсыз соцобъектилер курулуп жатат. Мына ушул маселелердин баарын талапка ылайык иретке келтиришибиз керек.

Ал эми жеке курулуш компания боюнча анчалык көйгөйлөр жок. Бирок биздин комитетке: “Иска-Строй”, “ОПС -строй”, “Алянс-Курулуш” сыяктуу  4-5 эле компаниялардын үстүнөн даттануулар келип түшкөн. Ал компаниялар элди алдашкан, же дагы башка мыйзамсыз иш кылышкан да. Эми алар мыйзам алдында жооп берип жатышат. Негизинен мыйзамсыз курулган үйлөр боюнча да тиешелүү иштер жүрүп жатат. Мисалы, Токтогул көчөсүндөгү бир курулуш иши токтотулуп, түртүлдү.

—Сөзүӊүзгө аралжы. Бизде мыйзам бийликте таанышы жокторго иштейт экен. Ал эми кызматта иштеген, же чоӊ “крышасы”  бар адамдар мыйзамды тебелеп салып эле, тыюу салынган жерлерге каалагандай имарат куруп жатышат. Буга мисал катары Ак Үйдүн батыш тарабындагы мэр Суракматов менен мурунку депутат Кудайбергеновдун куруп жаткан имаратын айтсак болот. Ал боюнча кылмыш иши да козголуп, курулуш токтотулган болчу.  Бирок ал кылмыш кыскарып кеткенби, айтор  бүгүнкү  күндө кайрадан курулушту кызуу жүргүзүп жатат. Бул боюнча эмне дейсиз?

 Туура, убагында сиз айткан маселени баарыбыз ЖМКлардан окуганбыз. Бирок мына азыр көрүп жатабыз. Сиз айткан имарат 4-5 кабатка чейин курулуп, үстү жабылды. Мыйзамсыз болсо бул жерге имарат курулбайт болуш керек эле. Ак Үй стратегиялык маанидеги имарат болгондуктан бийик кабат имараттар курулбашы керек деген мыйзам бар да. Ошон үчүн 4-5 кабаттан кийин үстүн жабышты окшойт. Азыр эл курулуш компанияларына оӊой менен мыйзамсыз курулуштарды курдурбайт. Акыркы учурда жарандык көзөмөл күчөп жатат. Буга чейин жарандык коом бир топ мыйзамсыз курулуштарды токтотту.  Бул жакшы көрүнүш.

Бишкектеги курулуш, архитектурасы качан өзгөрөт? Борбор шаар туурасынан өсө албайт. Эми бир гана жогоруну көздөй өсүшү керек. Бирок курулушчулар архитектурасына көӊүл бурбай, баягыдай эле жалпайтып, “коробка” түрүндө куруп жатышат. Бийиктигинин деле басымдуу бөлүгү 9-кабат. Чаптаганы жалаӊ сары таш дегендей. Кооз архитектурада, жок дегенде 18-20 кабат курушса болот эле да. ЖКдагы сиз мүчө болгон комитет бул маселеге боюнча жакшы сунуштарды айтып, көзөмөлгө алышы керек эле да…

—Негизи курулуп жаткан имараттардын сырткы көрүнүшү боюнча улуттук колорит эске алынган бир жакшы ансамбль болсо жакшы болмок. Биз азырынча андайга жетише албай жатпайбызбы. Мэрия менен биргеликте кийинки курулган имараттардын сырткы көрүнүшүнө көӊүл бурчу мезгил келди. Ал эми сары таш боюнча айтсак. Бул курулуш материалы адамга өтө жагымдуу өӊ да.  Эч кандай чыныгы натуралдуу, эч кандай химиясы жок, өзүбүздөн чыккан кен байлык да. Азыр Ташкент, Астанада да ушундай сары таш менен көп имараттарды кооздоп жатышат. Мен бир окуяны билем. Назарбаев 3-4 жыл мурун Астанадан сары таш менен кооздолгон имаратты көрүп: “Эки көчөнү бүт сары таш кылгыла”- деп кеткен экен. Айткандай ал көчөлөрдө курулган имараттар сары таш менен курулган.  Ошондон кийин биздин сары таш Казакстанга, Россияга, Өзбекстанга чоӊ көлөмдө экспорттолуп жатат. Ал эми бийиктик маселеси боюнча айтсак, 20 кабатка чейин кура турган мезгил жакындап калды го. Себеби, борбор шаардын борбордук бөлүгүндө  1 сотых жердин баасы 100 миӊ долларга  чейин чыгып баштады. Ошондой баага жер сатып алгандар 10  кабат үй салса, өзүн актабай калат, ошондо 20  кабат үй салып башташат. Бирок өрт өчүрүү боюнча уруксат  алуу маселеси өтө кыйын болуп жатат. Өрт өчүрүү коопсуздугу боюнча бир мыйзам кабыл алынып кетти. Мындай карасак, ал өрт өчүрүүчүлөр тарабынан “бөрк ал десе, баш ал” болуп кеткендей да. Ал мыйзам боюнча ар бир имараттын төрт тарабынан 6 метрден жол калтырылсын деген эреже камтылган . Бул эми ашыкча да. Себеби, жер тартыш. Азыр бул боюнча биздин комитетке көп курулуш компаниялары арызданып келип жатышат. Комитет мыйзамды кайра карап чыгуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды бердик. Негизи мындай мыйзам өнүккөн өлкөлөрдө деле жок. Имараттын төрт тарабы эмес, 2 тарабы эле жол болсо жетиштүү да. Кыскасы,  маселени да талапка ылайык жөнгө салбасак болбойт.

 Маектешкен Айбек ШАМШЫКЕЕВ

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here