Тараз шаарында банкир Ержан Татишевдин өлүмү боюнча өтүп жаткан сот жараянында Улуттук коопсуздук комитетинин мурунку төрагасы Нартай Дутбаев күбө катары суракка алынды.

Дутбаев “мамлекеттик сырларды жарыялоо” жана “мамлекеттин каражатын уурдоого” айыпталып, быйыл январда жалпысынан 12 жылга соттолгон. Ал сот жараянында Татишев менен Аблязовдун ортосундагы мүлк боюнча пикир келишпестиктер болгонун айтып берди.

Сотто Дутбаевден башка дагы бир нече кишилер күбө катары сурак беришти. Алардын бири Татишев өлөрдөн мурун Аблязов менен чатакташып кеткенин билдирди.

Татишев 2004-жылы өлтүрүлгөн. Алгач тергөөнүн жыйынтыгында ишкер аңчылык маалында кокустуктан улам курман болгону жазылган. Аңчылык учурунда Татишевдин жанында болгон Муратхан Токмади «өнөктөшүн кокусунан атып алган» деп айыпталып, бир жылга эркинен ажыратылган.

Бирок 2017-жылы иш кайра каралып, Токмади атайын уюштурулган киши өлтүрүүгө барганын мойнуна алган. Ал кылмышка Аблязовдун опузаларынан кийин барганын жүйө келтирген. Токмади 2018-жылдын март айында он жарым жылга абакка кесилген. Мухтар Аблязов өзү социалдык тармактарда Татишевдин өлүмүнө тиешеси жок экенин билдирип жүрөт. 2009-жылдан бери Европада жашаган Аблязов Токмадини тааныбай турганын айтып, ага тагылган айыптардын саясий мүдөөсү бар экенин кошумчалаган.

2017-жылдын июнь айында Казакстан соту Мухтар Аблязовду бир катар айыптар боюнча сыртынан 20 жылга абакка кескен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here