“Улуттук энергохолдинг” компаниясынын башчысы Азамат Абдыкадыров өзүнүн айылык акысы  100 миң сомдун тегерегинде экенин бүгүн парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.  Ал айлыгы 80-90 миң сомдой экенин,  сентябрь айында колуна 100 миң сомго жакын акча алганын билдирди.  Эске сала кетсек, бул мекеменин мурунку жетекчиси Айбек Калиев ТЭЦтеги коррупцияга шектелип, учурда абакта жатат