Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Студенттер айылынын 35 жаштагы тургуну Ырысгүл Базарбаева учурда майып арабада отурат. Ал буга чейин эл катары Россияда эмгектенип, чоң-чоң максаттарына умтулуп күн кечирип келген. Бирок 2016-жылы жол кырсыгынан каза болгон апасы менен эжесинин миллиондогон суммадагы насыясын мойнуна алгандан кийин анын жашоосу түп тамыры менен өзгөргөн. Ал аймактык кабарчыга тагдырын айтып берди.

Ырысгүл Базарбаева Ош шаарында 1983-жылы 25-ноябрда жарык дүйнөгө келген.

Эжемден айрылдым

— Атам Кара-Кулжа районунан болот. Апам болсо Өзгөн районунан. Он бир жашымда атабыздан ажырап, турмуш шартка байланыштуу Бишкекке көчүп келип жашап калганбыз. Жолдошум экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр болуп, эки башка жолго түшкөнбүз. Кудайыма шүгүр, 11 жаштагы уулум бар.

2014-жылы июль айында апам менен бир тууган эжем Казакстандан келе жатышып жол кырсыгына кабылып, эжем каза болду. Ал кезде мен Москвада элем. Анын артында мектеп жашындагы алты баласы калган. Апам болсо кырсыктан оор жаракат алып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Таӊга маал тергөөчү телефон чалып, «эжеӊ өлүкканада» деп кабарлады. Алгач уккан кулагыма ишенбей, нес болуп калдым. Эмне деп сүйлөп жатканымды билбей, тергөөчүгө «эжемди бандиттер кармап алган экен. Канча акча десеӊер котором, коё бергиле» деп жалдырай баштадым. Ал мени урушуп, «каяктагы бандиттер, ал өлүкканада» дегенде, ошол жерден ыйлап жибердим. Айламды таппай калдым. Эртеси учакка билет алып, Кыргызстанга учуп келип, эжемди акыркы сапарга узаттык. Ошондо менден жашырып келген бир сырды билдим.

Миллион сомдук карызды мен мойнума алдым

— Ошол сырды билгенден кийин какаганга муштаган болуп, биздин жашообуз андан ары татаалдады. Көрсө, алар үйдү күрөөгө коюп, жеке банктардын биринен насыя алышыптыр. Ал кезде апам Казакстанда ооруканада жаткан. Карызды мен мойнума алдым. Атамдын карындашы каза болгон эжемдин алты баласын, ал эми улуу эжем ооруп жаткан апамды карамай болушту. Ошентип каза болгон эжемдин жетилигин өткөрүп коюп, Казакстандан апамдан кабар алып, андан ары Москвага жөнөп кеттим.

Кайын журтум жакшы адамдар. Шүгүр, сый мамилебиз сакталып калган. Уулумду чоӊ атасы менен чоӊ энесине берүүгө туура келди. Оорлошуп кеткен турмушумду айттым. Алар мени туура түшүнүшүп: «Бала сеники, багып беребиз. Үй-бүлөӊө жардам бер, баары жакшы болот» деп жылуу сөздөрү менен узатышты.

Апам каза болуп калды

— Ошентип Россияда дем алышсыз иштеп, апамдын дары-дармегине, эжемдин кыркына жана насыяга деп тапкан акчамды кетирип жаттым. Чынын айтсам, ал убакта үй-бүлөмдүн ишенгени мен болчумун. Намыс үчүн баарына чыдагым келди.

Арадан үч ай өтүп, октябрда апам каза болуп калды. Бирок мен эң жакын адамымды акыркы сапарга узатууга бара албадым. Эч бир аргам да, айлам да калбады. Колумдагы кичине акчаны жол кире кылсам, андан кийин апамды кантип көмөм деген суроого жооп таба албадым. Ошентип бир гана ыйдан күчүмдү чыгарып, апамды эл катары узатып алганым туура го деп, өзүмдү өзүм алаксытып кала бердим. Ошондогу абалымды сөз менен айтып жеткире албайм. Сыртымдан элге билгизбегеним менен ичимден сыздап турдум. Үч айдын ичинде эки жакынымдан ажырап, миллиондогон карызды мойнума алып, уулумду жанымдан чыгаргым келбеген мен бардык жеке максатымды экинчи орунга койдум. Намыс үчүн турмуштун татаал тагдыры менен күрөшүп жүрүп, кырсыкка учурадым.

Эки жылдын ичинде 800 миӊ сомду насыяга төлөп бердим. Дагы 400 миӊ сом калганда жумуштан кыскартууларга учурап калдым. Мындан улам убактылуу үй тазалоочу болуп иштеп баштадым. Себеби убактымды текке өткөрбөшүм керек эле. Насыяны төлөө убагы аябай тез келет экен.

Бир үйдүн терезесин жууп жатканда бутум тайып кетип, 3-кабаттан жерге кандай кулаганымды билбей калдым. Ооруканадан 3 күндөн кийин ойгондум. Андан кийин Москвадагы ижарага алган батирде 9 ай турбай жаттым. Ооруканадан чыккандан кийин эртеӊ басып кетем, бүрсүгүнү басып кетем деген ой менен алек болдум. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө баарын түшүнүп турдум. Үмүтүм үзүлгөн жок… Апам жанымда болсочу деп, ыйдан башка эч нерсе колумдан келбеди. Досторум, тааныштарым көп эле, бир заматта баары менден баш тартышты. Ойдо жок жерден туугандарыма, эӊ жакын курбуларыма жүк болуп, алар мени багып калышты.

Өлгүм келди, бирок…

— Жүрөгүм ооруп, жалгызсырадым. Өлгүм келди, бирок жан таттуу экен. Жок дегенде кийимимди көтөрө алганымда эмне болмок деген түрлүү ойлор менен алыштым. Күндө таӊ заарда үмүт кылып, колум менен буттурамды кармап көрөм. Кыргызстанга келгенден кийин уулум күч-кубат берди. Уулумду чоӊойтуп алсам, ушунун өмүрү болсун, бактылуу болсун деп тиледим. Кайра ушунум үйлөнүп жатканда майып арабада жалгыз отурганымды элестетип, сыздап жибердим. Аябай баскым келди.

Мен да бактылуу болом

— Ошентип, насыянын айынан 4 дубалдан чыкпай, керебет менен теӊтуш болуп калдым. Учурда пенсиям менен күн өткөрөм. Жардам бере турган адамым деле калбады. Туугандарымдан кечке эле жардам ала бергенден уяласыӊ, алардын да көр тирилиги, жашоосу бар да. Учурда үйдө элемин. Гүлмира Казакуновна деген ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген эже бар экен. Ошол эжекенин колдоосу менен Ысык-Көлгө чейин бардым. Макияж жасоо, видео монтаждоо курстарын окудум.

Ден соолугумдун абалы боюнча сөз кылсам, ооруканага акыркы жылдары көрүнө элекмин. Акча каражаттын тартыштыгы ага жол бербейт. Дарыгерлер болсо убагында басасыӊ, бир аз убакыт керек, укалоого барып турушуӊ керек дешкен. Ага кайдагы каражат. Ал эми насыя берген киши менен айла жок соттошуп жатам. Аягы эмне болот билбейм. Үйдү алып койсо каякка барып баш калкалайм деп ойлоном. Мунун баарын ойлогондо түнү кантип уктайсыӊ. Уйку да менден качкан.

Буюрса бутума турам! Кудайым мени бастырат! Мен да бактылуу болом. Ал күн жакындап калды. Уулумду үйлөнтүп, бактылуу кылгым келет. Уулум менен жакшы күндөргө күбө болсом деген тилектерим бар.

Ырысгүл Базарбаевага жардам берем дегендер 0702 25 11 83 номуру аркылуу байланышса болот.
Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here