Москва шаарындагы №36-шаардык клиникалык ооруканада оор абалда жаткан кыргызстандык жарандын бир тууган байкеси табылганын turmush басылмасы жазды.

Эскерте кетсек, жакында эле ошол клиникада иштеген кыргыз жараны сүрөттөгү жаран тууралуу маалымат берип, туугандарын табууга жардам сураган.

«Ооба, бул менин бир тууган байкем. Аты-жөнү Талас Турубаев, 1983-жылы Талас облусунда туулган. Мындан 6 жыл мурда — 2012-жылы иштеп келем деп Россиянын Москва шаарына кеткен эле. Акыркы жылдары дайынсыз болуп кеткен. Социалдык түйүндөн сүрөтүн көрүп таанып калдым. Бул жакта үй-бүлөсү, бир уулу бар болчу. Келбей койгонунан жеңем үйдөн кетип калган. Азыр уулу 9 жашка чыкты. Апам байкемди күтүп жүрүп, күйүттөн каза болду. Азыр акча каражаты тартыш болуп жатат. Акча тапсам эле Москвага барып, агамды алып келем. Бирок 1-2 күндө Москвага барып, жок дегенде агамды көрүп келейин деп жатам», — деди иниси Нурлан Турубаев.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here