ЗАКЫМГА АЙЛАНГАН ЗАМАНДАР

 

1-БАП

 ИЗ

            Кыязы, биз бир нерсени жакшы түшүнө албай убара болуп аткандайбыз. Жаш төкмөйүн – жашоо уланбай тургандыгын…

 * * * 

      Ким көп ырдап, шатыра-шатман жүрсө, демек, ал адам дайым ыйлап жүрөт деп кабыл алам. Ал эми көп ыйлагандар – кубаныч деген Улуу майрамга жетишке аз калгандар деп түшүнөм.   (автордон)

 

 ААЛАМ ЖАРГАН АКИРА

            Фудзияма тоосу жапандар үчүн канчалык кадыр-баркка ээ болсо, дүйнөлүк кинематографияда да Акира Куросава ошондой касиетке ээ. Ал турган турпаты менен Улуу сүрөткер. «Акира» — жапан тилинде “ачык” же “жарык” – деген ойду берсе, «Куросава» иероглифи «караңгы» же «жайык өзөн» деген маанини түшүндүрөт. Демек, доордун Улуу сүрөтчүсү дүйнөлүк маданияттын жайык өзөнүндө өз жарыгын чачкан ачык шоола сыңары…  

(Автордон)

 * * *

       «Коомдо кандай гана өкүнүчтүү жагдайлар түзүлүп жатат. Порнографиялык маанайдагы көптөгөн тасмалар тартылып, ал эми алар жакшы кинолор менен катар көрсөтүлүүдө. Азыр адамдар киного балдары, үй-бүлөсү менен баргандан уялышат. Анткени, уят-сыйытты жыйыштырып коюп олтурушка туура келет. Мен, кинозалдарда көрүүчүлөр толуп, каармандар менен кайгырса кайгырып ыйлап, күлсө кошо күлүшкүдөй учурдун болушун самайм. Мен, бардык режиссерлор жеке кызыкчылыгын көздөп, акчанын артынан сая кубалап – искусствону курмандыкка чалышын эч убакта каалабайм.

Акира Куросава

Акира Куросава

* * *

        Акира Куросава – 1910-жылы 23-мартта Токио калаасында жарык дүйнөгө келген. Акиранын ата-бабалары самурайлардан болгон. Үч кыз, үч эркектен кийин келген балдардын эң кенжеси Акира мектеп босогосун аттаган жылдарда, башка балдардан эч айырмаланбаган жоош эле. Кийинчирээк окууда тырышчаактыгынан улам мугалимдер аны өз классына староста кылып шайлашат. Ошондон кийин курбалдаштарынын арасында чоң аброй күтүп, каллиграфияда жана улуттук «кен-до» күрөшүндө үлгүлүү окуучуларга айланат.

Атасы Исаму – Акиранын «кен-дону» мыкты өздөштүргөнүн зор кубаныч менен кабыл алып, келечекте ата-бабалары сыяктуу самурайлык духта тарбияланган аскер кызматкери болушун тилечү. Эң улуу агасы Хейго атасынын каарына калбаш үчүн кинематографисттерге аралашып, «Тэймей Цуда» деген жашыруун ысым менен кинокомментатор болуп жана бир катар кинолорго дубляж жасап иштей баштайт. Агасына кошулуп Акира да кино дүйнөсүнүн сыйкырына жетеленет.

Хейго 27 жашка карап калган курагында ашык болгон кызы экөө тоого чыгып, өз жандарын кыйып ташташат. Кийинчирээк Акира Куросава: «Соңку ирет агам экөөбүз андан үч күн мурда көрүшкөнбүз. Биз «Син-Окубо» станциясынан коштоштук. Ал мени үйгө жөнөтүш үчүн таксиге олтурушумду өтүндү. Машина жаңыдан ордунан козголгондо, агамдын кайрадан мени чакырган үнү кулагыма жаңырды. Машина токтоп: «мен эмне болду?» – деп сурадым. Ал үн катпай көпкө дейре кайгыга толгон каректери менен тиктеп туруп: «эч нерсе!» – деп, оор үшкүрүнө жооп кайрыды. Биз коштоштук. Азыр мен ошол сааттарда агамдын жан дүйнөсүнө кандай гана бүлүк түшүп тургандыгын абдан жакшы түшүнөм. Кийинки жолу мен Хейгону шейшепке денеси оролуп, канга чыланган абалда көрдүм. Ал менин агаларымдын арасынан эң сүйүктүүсү болчу. Аны эч качан эскерүүдөн тажабайм!» – деп эскерген.

* * *

               Сүрөтчүлүк кесип боюнча билим алган Акира 1936-жылы «PCL» кинокомпаниясына конкурстан өтүп, кинематографияга толук аралаша баштайт. Акирага кинонун сырын өздөштүрүшүнө кинорежиссер Кадзиро Ямамото зор таасирин тийгизген. Кадзиро сценарийди кантип жазып, кинону кантип тартыш керек деген суроолорго жооп издеген болочоктогу режиссерго жол көрсөткөн насаатчыларынан.

Кинокомпанияга жаңыдан ишке орношкон жылдары Акира бир топ сценарийлерди жазса да, ага ишенишпей кинону башка режиссерлорго сунушташчу. Акыры көптөн күткөн тилеги орундалып, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан «Жылкы» аттуу фильмден кийин кино тартууга толук укук алат. Кадзиро Ямамото режиссерлук кылган «Жылкы» фильминин көпчүлүк бөлүгүн Акира тарткандыктан, башка режиссерлор анда улуу сүрөткерлик таланттын катылып жатканын толук түшүнүшөт.

Кадзиро Ямамото: «Мен башка иштер менен Токиого жөнөп жатып, кинону Акира уланта беришине уруксат берчүмүн. Анткени, Акира кино аянтында ишти туура көзөмөлдөп, кантип тартуу керектигин менден да мыкты өздөштүрүп калган. Ага толук ишенгендиктен жан дүйнөм тынч, башка иштер менен Токиого жөнөп кетээр элем!» – деп эскерген.

1943-жылы жазуучу Цунэо Томитанын романы боюнча сценарий жазып, «Дзю-до жөнүндө баян» аттуу эң алгачкы киносун жаратат. Тасма ийгиликтүү чыккандыктан, кинокомпания Акирага 1945-жылы «Дзю-до жөнүндө баяндын» экинчи бөлүмүн тартууга уруксат беришет. Ал ортодо 1944-жылы «Өтө назиктер» фильминин үстүндө иштейт. Бирок, бул  эмгеги кино сынчылардын анчалык кызыгуусун жаратпаса да, көрүүчүлөрдүн назарына коюлат. Ошол фильмде башкы ролду аткарган Його Якути аттуу актриса менен 1945-жылы баш кошуп, Хисао аттуу уулдуу болушат.

 * * *

        1948-жыл – Акирага турмуштун тузун да, балын да татканга мажбурлады. Февраль айынын сегизинде атасы Исамудан айрылат. Бирок, тагдыр эми ага чыгармачылык жолунда чоң белек даярдап турган. Ошол жылы чыгаан актер Тосиро Мифунэ менен иштешүү бактысы буйруду. Тосиро – Куросаванын дээрлик бардык кинолорунда башкы ролдорду аткарып, атагын алыска угузганга көмөк көрсөттү. Алгач аны менен ошол эле жылы «Мас периште» фильмин жаратат. Режиссер – Тосиро Мифунэден өзгөчө бир күчтү сезе билип, кандай гана образдарды жаратпасын кино аянтында актердун өзү каалаганындай аткарышына шарт түзгөн.

1949-жылы «Жашырын эрөөл», «Жолбун ит», 1950-жылы «Жаңжал» жана «Расемон» тасмаларынын үстүндө иштейт. Аталган кинолорунун бардыгында Тосиро Мифунэ башкы ролдордо самурайлардын образын ийине жеткире аткара алган. 1950-жылы Венецияда өткөн кинофестивалда «Расемон» тасмасы эң башкы байгени жеңген. Ушундай  ийгиликтерге ичи ачышкан айрым жапан кино сынчылары Куросаванын жараткан бардык эмгектерине: «чыныгы жапан сүрөткери эмес, космополит жана эмгектеринин бардыгы Батыш публикаларына ылайыкталган» деген кине койгон.

Жапан адабиятынын дөө-шаасы, жазуучу Акутагава Рюноскэнин аңгемеси боюнча экрандаштырылган «Расемон» көркөм фильми 1952-жылы Американы багындырып,  «Оскарды» алат. Аталган кино алиге дейре кино дүйнөсүндө дүйнөлүк кинематографиянын зор байлыгы катары эсептелип келет.

Жаш кезинен дүйнөлүк адабият менен азыктанган Акира 1951жылы орустун улуу жазуучусу Ф.Достоевскийдин «Көк мээ» («Идиот») чыгармасын экрандаштырууга белсенип кирет. Бирок, кинодогу каармандардын улутун орус эмес жапандар түзүп, окуя  жапан аралдарынын бири Хоккайдодо өтөт. Чыгармадагы Рогожиндин образын жапан варианты боюнча Акаманы кайрадан Тосиро Мифунэ алып чыккан. «Көк мээ» киносуна Достоевский таануучулар өтө жогору бааларын беришкен.

1952-жылы 4-ноябрда апасы Шима Куросава о, дүйнөгө узап, ошол жылы режиссер эмгектеринин ичинен өтө кайгылуу «Жашаш керекти!» жарыкка чыгарат. Кино 1954-жылы Берлинде өткөн фестивалда «Күмүш аюу» наамына татыйт.

1954-жылы «Жети самурай» фильми Венециядагы фестивалда кайрадан «Арстан» сыйлыгын утуп алат. Ушул кино Жапонияда да бардык көрүүчүлөрдүн зор кызыгуусун туудурган.

1966-жылы Америка атактуу режиссерго чогуу кызматташуу туурасында сунуш кылып, «Качкындардын поезди» фильмине режиссерлук кылуусун өтүнүшөт. Жаңыдан ишке киришкен Акира фильмди жогорку деңгээлдеги философиялык эмгекке айлантайын десе, кашайып, эси-дартынан секс кетпеген америкалыктар аталган тасмада көбүнесе дырдай жылаңач аялдардын эпизоддорун көбүрөөк кошушун талап кылып туруп алышат. Ыңгайсыз кырдаалдан улам жан дүйнөсүнө бүлүк түшкөн Акира ооруп калат. Түмөн түйшүктөн улам катуу ооруган режиссерго карата «психикалык жактан бир мандеми бар, эмгекке жарамсыз» деген күбүр-шыбыр, ушак-айыңдарды таратышып, акыры 1969-жылы ооруканада дарыланып жүргөн Акира «ХХ-кылым Фокс» кинокомпаниясы менен иштешүүдөн толук баш тартат.

1969-жылы өзү жашаган үйүн сатып, Кейсукэ Киношита, Масаки Кобаяши жана Кон Ичикава төртөө «Төрт чабандес» аттуу кинокомпания түзүшөт. Арадан жыл айланбай, «Додескаден» фильми аяктайт. Фильмде трамвай жолдо жана акыр-чикирде аралап жүгүргөн үй-жайсыз кичинекей баланын жашоо образын ачып берейин деген үмүт болгон. Бирок, тилегин таш каап, бул кино короткон акчаларын актабастан, прокаттан өтпөй калат. Мындан кийин «төрт чабандес» биригип, эч качан кино тартышкан эмес.

1971-жылы Югославия президенти Титонун колунан дүйнөлүк маданиятка кошкон зор салымы үчүн сыйлык ыйгарылат. Ошол жылдын декабрь айында каржы маселесинде таптакыр иши жүрүшпөй жаны кыйналган Акира жуунучу бөлмөдө олтуруп жанынан аша кечип, тамырын кесип ийет. Кудай жалгап, дарыгерлер аны араңдан зорго аман алып калышкан.

 * * *

         Акира киного жаңы келген жылдарында Арсеньевдин «Дерсу Узаласын» окуп чыгып катуу таасирленет да, келечекте ушул чыгарманы экрандаштыруу максаты көңүлүндө уялап калат. Акыры 1973-жылы Юрий Нагибин менен бирдикте сценарийин жазып, «Мосфильм» аркылуу эки жылга чукул орустун калың токойун аралашып тасманы тартышат. Башында фильмдеги башкы каарманга эски досу Тосиро Мифунэни чакырайын деп, бирок, чыгармадагы каарманга анчейин окшошо бербегендиктен, Тувалык театрда иштеген артист Максим Мунзукту тартууну эп көрөт. Кинодо мындан башка да Чжан-баонун ролуна СССР Эл артисти, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов катышат. «Дерсу Узала» 1975-жылы эң мыкты чет элдик тасма деген даражада «Оскарды» багындырган.

 * * *

         Акира режиссерлук көз караш менен баам сала, улутубуздун сыймыгы болгон Сүймөнкул Чокморовдун актердук дараметине аң-таң болуп, өзүнүн көпчүлүк кинолорунда мыкты ролдорду аткарган Тосиро Мифунэ менен барабар койгон. 1980-жылдын баш чендеринде Куросава – Сүймөнкул менен Тосиро экөөнө ылайыктап атайын сценарий жазып, экрандаштырууну максат кылат. Сценарий боюнча Тосиро менен Сүймөнкул самурайлардын ролдорунда бири-бири менен айыгышкан беттешке түшүшмөк. Тилекке каршы, Сүймөнкул Чокморовго ал кезде саламаттыгынын айынан киного катышууга тыюу салынып калган эле…

* * *

А.Липков: «Дерсу Узала» тасмасында иштеп жаткан актерлор туурасында айтып берсеңиз?

      А. Куросава: – Мунзук туурасында айта турган болсок, мен үчүн абдан кызыктуу типаж. Ал эми башка аткаруучулар жөнүндө кеп кылсам, Сүймөнкул Чокморов жаркын талант экендигине сөз жетпейт. Ал, биздин фильмде Кытайдан келген саясый эмигрант, отряддын жетекчиси, хунхуздар менен күрөш жүргүзгөн Чжан-баону аткарууда. Мага дагы мындан тышкары эпизоддук ролдогу Кытайдан келген соодагерди аткарган актер, кыргызстандык Советбек Жумадылов абдан купулума толду. Ал бизге бир эле күнгө келип, киного тартылып кетти. Бирок, ошол бир күндүк таанышууда эле анын кандай гана кызыктуу актер экени мага түшүнүктүү болду.

(«Экран» журналы. 1971-1972-ж.ж. маектешкен А.Липков)

* * *

        Куросава 1985-жылы У.Шекспирдин айтылуу «Король Лирин» жапан турмушуна жуурулуштуруп, «Ран» деген эмгек жаратат. «Ран» киносу 1986-жылы кайрадан режиссерго ийгилик тартуулап «Оскарды» алган.

Көзү тирүүсүндө эле атагы ааламды жарып, дүйнөгө дүң болгон режиссер Акира Куросава Токио калаасында 1998-жылдын 6-сентябрында инсульт дартынан улам 88 жаш курагында көз жумган. Анын эң акыркы эмгеги болуп, «Нөшөрдөн кийин» фильминин сценарийи эсептелет.

Автор: Данияр Исанов

 

 

 

 

 

 

 

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Эң кызыгы, учурда Японияда жапон элинин Акира Куросаваны көпчүлүгү билбейт. Кинолру деле унутта калган. Тилекке каршы бизде деле ушундай, чет өлкөлүк киноишмерлерин укмуш даңазалайбыз да өзүбүздүн чыгармачыл адамдарыбызды билбейбиз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here