Учурда семирип кеткендердин саны өсүп баратканы коомдун негизги көйгөйүнө айланып баратканы өкүндүрөт. Албетте, ар бир адам туура тамактанып, дени сак жашоо образын жүргүзсө семирүүдөн алысыраак болот. Бирок, турмуштун кээ бир себептеринен улам булимия оорусу же болбосо тамакка болгон табиттин жогорулашы келип чыгып атат. Булимия стресстен, өзү-өзү жаман көргөндүктөн пайда болот. Кээ бир учурларда ал тукум кууй турган оору.

Өткөөл курактагыларда көп кездешет

«Өткөөл курактагы» жаш өспүрүмдөр арасындагы болуп жаткан өзгөрүүлөр, ата-энесинин ажырашууусу, курбу досторунун өзү тууралуу пикири, кыялданган нерселерине жете албоосу, сүйүү жана башка ушул сыяктуу учурлар катуу таасир берет.  Пайда болгон кыйынчылыктарды жоюу үчүн ар дайым тамак жегиси келет.  Нормадан ашыкча тамактануу адамдын ички түзүлүшүнүн кызматынын бузулушуна алып келет. Ошону менен бирге жүрөккө, тишке терс таасир берет. Адам семирип кетүүдөн коркуп, кусуп таштоого аракет кылат.

Психологиялык себептери

Жүрүм-турумдун башка бузуулуусу сыяктуу эле, булимия бир катар себептерден улам болушу мүмкүн. Тамак-ашка болгон көз карандылык  системасы органикалык оорулардын натыйжасы болуп саналат. Көп учурда пароксизмалдуу ачкачылык эпилепсия оорусу менен ооруган адамдарда кездешет, же мээнин жаракатынын  натыйжасында пайда болгон оору болуп саналат. Көбүнчө тамакты өтө көп жегенден чабуулу жадатма ойлорго баш катырган,  психикалык ооруга чалдыккан адамдарды коштойт.  Кээде ачкачылык кандагы инсулиндин көлөмүн көбөйүшүнөн улам пайда болот.

Ооруга мүнөздүү белгилер:

  • Тамак-аш бузулуу оорусуна чалдыкканын билбейт.
  • Жеген нерселерин көзөмөлдөй албайт.
  • Тамакты ырахаттануу менен эмес, ылгабастан, даамын татпастан механикалык түрдө жейт.
  • Жесе дагы, жебей койсо дагы жаман болот.
  • Дайыма кабатырлануу, тынчсыздануу абалында жүрөт.
  • Тамак-аштан башканы ойлобойт.
  • Кылган аракетине шылтоо издейт.
  • Эрки жоголот.
  • Өздөрүн жасалма жолдор менен кустурат.
  • Негизги кызыкчылыгы тамак болуп калат.

Оорудан айыгууга болобу?

Булимия менен ооруган адам алгач психиатр, психолог, психоаналитикке көрүнүп, нервине катуу таасир берген көйгөйдү чечүүгө умтулуусу керек. Ошондой эле, бейтап өзүнүн күнүнө канча жолу, кандай тамактанып жатканын жазып туруп, терапевт (же гастроэнтеролог) дарыгерине жашырбай айтып туруусу абзел. Диетологдор менен кеңешип, адам организмине пайдалуу витамини көп тамактарды гана ичүүгө аракет кылганы оң.

Самара САЛАМАТОВА

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here