Эми депутаттык ишмердүүлүк боюнча кеп кылалы. Сиздин депутат болуп келгениңизге 6 айдан эле ашуун убакыт өттү. Депутаттык ишти эмнеден баштадыңыз? Кандай иштерди аткарып жатасыз?

—Мен өзүм Тоң районунан шайлангам. Биздин райондон  12-13-жылдан бери бир да адам Жогорку Кеңешке депутат боло элек эле. Ушундан улам райондо көйгөйлөр абдан эле көбөйүп кеткен. Бул мезгил аралыгында  райондун эли башка депутаттарга көйгөйдү айтып барышса, “макул” деп коюшуп, иш жүзүндө эч нерсе кылышкан эмес. Ал тургай кээ бирөөлөр: “Өзүңөр депутат шайлап албайсыңарбы”  — деген сөздөрдү да айткан учурлар болгон. Мен Тоң районунан болгондуктан, райондогу көйгөйлөрдү жакшы билчүмүн. Депутат болгондон кийин райондогу көйгөйлөрдү чечүүгө бар аракетимди жумшап жатам. Анын үстүнө быйылкы жылды президентибиз Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялабадыбы. Бул жагына да көп көңүл бурдук. Эми жасалган иштерди кыскача, тизмектеп айтайын. Тоң районунун борбору Бөкөнбаев айылында 18 миң адам жашайт. Ушунча  эл жашаган борбордук айылда көп жылдан бери таза суу жок болчу. Бул маселени чечүүгө 300 млн. сом кетет деп эсептелген. Президентибиз Брюсселге барганда Европа өнүктүрүү банкы менен  Таза суу долбооруна 86 миллион долларлык грантка келишим түзүп келген. Тоңдогу таза суу көйгөйүн чечүү маселеси менен президентке кирип айтканыбызда, ал киши колдоду.  Жакын арада Жогорку Кеңеште жогоруда айткан келишим ратификация болсо, бул маселе чечилет деген ойдомун. Тиешелүү адистер,мекемелер эсептешти, Бөкөнбаев айылына таза суу киргизүүгө 240 миллион сом сарптала турган болду.

Мындан тышкары, Кытайдан алынган гранттык акчага Балыкчыдан анча алыс эмес Ак-Өлөң айылынын үстүндөгү 500 гектар жерге  Орто-Токой суу сактагычынан суу чыгаруу иши да (Дамба кылып тоскондо,  суу Ак-Өлөң тарапка келет)  ишке ашып жатат. Бул эми чоң долбоор.

—Таза суу боюнча башка айылдарда да чечилбеген көйгөйлөр көп болсо керек…

 —Тоң районунда эң эле алыскы Алабаш деген айыл бар. Ушул айылда да таза суу маселеси чоң көйгөй болуп келген. Биз бул маселени чечүү үчүн араб ишкерлерин таап сүйлөштүк. Алар биздин сунушту туура кабылдашып, 400 миң сомдон ашуун каражатка тиешелүү иштерди жасашты. Ошону менен ал айылдагы таза суу маселеси чечилди. Жакында ачылышын кылдык. Эл азыр таза суу ичип жыргап калышты.   Ушул эле айылга жакын Дөң-Талаа деген айыл бар. Бул айылдагы 150 орундук мектеп 1950-жылдары  газасиликат кирпичи менен салыныптыр. Кышкысын 30 тонна көмүр жагышат экен. Бирок  мектеп ичиндеги жылуулук 8 градустан жогору көтөрүлбөй, окуучулар  дайым ооруп калат экен.  Жакында өкмөт башчы Ысык-Көлгө иш сапары менен барганда, ошол айылга барып мектептин ахыбалы менен тааныштырдык. Ошол жерден өкмөт тиешелүү министрлери менен айыл элине эмдиги жылы 150 орундук жаңы мектеп куруп берүүнү убада кылды. Мектеп маселесин андан ары уласак. Шамей айылында көп жылдан бери курулуп бүтпөй келаткан  275 орундук мектепти да бүтүрүү үчүн аракеттерди көрүп жатабыз. Ал мектептин дубалы туруп, үстү жабылган. Эми 21 миллион сом сарпталса, толугу менен бүтөт. Оттук айылына да жаңы мектеп куруу иштери менен да алектенип жатабыз.  Бул иштерден тышкары, райондогу Темир -Канат, Тогуз-Булак, Коңур-Өлөң айылдарынын ичи асфальтталды.

—Жакында тендер маселеси боюнча мыйзам долбоорун сунуштап чыктыңыздар. Эми бул мыйзам долбоору кабыл алынса, тендер өткөрүүнүн тартип эрежеси кандай болуп өзгөрөт?

—Бул мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев экөөбүз демилгелеп чыктык. Азыр кайсы жакты карабайлы, тендерге байланыштуу чыр, соттук иш көп. Бүгүн бир курулушту ж.б. маселе боюнча бир компания тендерден утуп чыкса, эртең аны утпай калган компания сотко берет. Бул көрүнүш өнөкөт болуп калды. Ошондуктан, бул маселени жөнгө салууну көздөп жатабыз. Биз эки этап менен карап жатабыз.  Биринчиси: техникалык жагы. Бул жагы тыкыр текшерилет. Экинчи пакетте баасы каралат. Баасын башкалар менен салыштыруу. Өзү салабы, же башка фирманы жалдайбы деген маселенин баары каралмакчы.  Азыркы тартип боюнча мындай эреже жок да. Баарын эле жалпы карап коюшат. Буйруса, бул мыйзам долбоору 1-окуудан өттү. Алдыда толугу менен колдоого алынат деген ишеничтебиз.

—Сиз “Коопсуз шаар” маселеси эмнеге керек экенин терең билген адистердин бирисиз. 8-9 жылдан бери бул долбоор ишке ашпай келет. Жакында сынактан утуп чыккан орусиялык  “Вега” компаниясын да сотко берип жатышат. Бул чырлуу маселе боюнча оюңузду угалы…

 —“Коопсуз шаар” боюнча өткөрүлгөн сынакта биринчи талап техникалык параметрлер каралып чыгып, жыйынтыгында орусиялык “Вега” компаниясы утуп чыкпадыбы.  Айдоочулардын жол эрежесин бузган ар бир учурун  камерага тартуу ишине (фиксация) кайсы компания арзан баа берет деген талап коюлган. Өкмөт койгон баа 240 сомдон башталган.   “Вега” компаниясы мен билгенден  бир жол эрежесин “фиксация” кылганга 211 сом берип, жеӊүүчү болгон экен. Бизде азыр жол эрежесинин эӊ эле аз айыбы 500 сом да. Мисалга алсак, жогоруда аталган компания өзү сунуштаган 211 сомду ошол 500 сомдон чыгарып алат. Эми жол эрежесинин айыптарынын суммасы  ар кандай да. Ошого жараша өзүнүн акысын, үлүшүн чыгарып алып турат.  Бирок жеке компания “Веганы” бул тармакта иш жасаган эмес, тажрыйбасы жок деп сотко бериптир. Мына ушинтип эле,  канча жылдан бери “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашпай келатат. Биздин комитет дагы бул маселе боюнча өкмөткө тиешелүү тапшырманы бердик.  Жол кырсыгынан бизде күндө адамдарыбыз өлүп жатат, кээ бирлери  майып болуп жатышат. Азыр жол эрежесин сактабагандар абдан көп. Аны көчөдөн көрүп эле жатпайбызбы. Ошон үчүн “Коопсуз шаар”  долбоорун эртелеп ишке ашырбасак болбойт

Маектешкен Айбек ШАМШЫКЕЕВ.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here