Алматыда журналист Айгерим Мусаеванын жакын туугандары бир нече күн мурун үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан коомчулукка кабарлашкан. Анын эч кимге, эч нерсе айтпай, жеке буюмдарынан да эч нерсе албай эле чыгып кетип калышы көп сырды жаратып жатканы айтылып жаткан. Ал акыркы жолу  Алатау районундагы ЦОНдун имаратынын видеокөзөмөлгө түшүп калгандыгы айтылууда. Бирок бүгүн  Айгеримдин сөөгүн туугандары өлүккандан кабарлаган. Полиция азырынча анын эмнеден улам каза тапканын ачыктай элек. Туугандары үчүн да анын күтүүсүз өлүмү сырлуу болуп турат. Маркум Мусаева Казакстандагы Hit tv. телеканалынын продюсери болуп иштеп жаткан. Ал эки баланын энеси эле…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here