Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаровго жолугуп ал-абалы менен таанышып чыгышты. Абакка  Жапаровго кирип чыккан топтун мүчөсү  Мирлан Жээнчороев:  “Садыр Жапаров  47- колониянын дарылануу бөлүмүндө  дарыгерлердин көзөмөлүндө экен.

Ал акыбалым жайында, эч кимге доо-арызым жок, баары мыйзам чегинде болуп жатат дейт. Учурда ден соолук, акыбалыңыз кандай деп сурасак шүгүр, баары жакшы  эле деди.

Анан тарапташтарыма, туугандарыма айтып коюңуз, баары мыйзам чегинде болуп жатат. Баары мыйзам чегинде болушу керек. Ошол себептен митинг, пикеттерге чыкпоосун суранам, туугандарыма айтып коюңуз деди”, — деп айтты.

Булак: Фабула