К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында  «Мал багууну жана рынокту өнүктүрүү -1» долбоорунун алкагында Эхинококкоз оорусу тууралуу семинар болуп өттү. КР Өкмөтүнүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жаныбарлардын ден соолугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мурат Абдраев жана Паразитология бөлүмүнүн ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун башчысы семинардын катышуучуларына эхинококкоз дарты эмнеден жугаарын, аны кантип алдын алуу, жеке тазалыкты туура сактоо, короодогу итти жылына 4 жолу мал доктурга көрсөтүп, тийиштүү дары-дармектерди берип турса бул оорудан алыс болоорун баса белгилешти. Мурат Абдраев мырза мал союу эрежелери туура сакталбагандыктан, мал союучу жайлардын аздыгынан ар бир киши өз үйүндө малды каалагандай союп, ич эттерин текшербей туруп итке ыргытканынын натыйжасында бул оору келип чыгып жатканын да кошумчалай кетти. Туура, ар бирибиз жеке тазалыкты туура сактап, үй жаныбарларын өз убагында мал доктурга көрсөтүп, тийиштүү дары-дармектерди берип турсак малдан жугуучу оорулардан алыс болоор элек. Оору менен күрөшпөй, ооруну ар бирибиз алдын алалы. Аталган инспекция Кыргыз Республикасы боюнча 400 000 итти идентификациядан өткөрүштү.   

Эхинококкоз кандай дарт?

Эхинококкоз — боордо, өпкөдө жана башка органда мителик кылуучу эхинококк личинкасын пайда кылган оору. Эхинококкоздун козгогучу болуп, белгилүү болгондой, жырткыч жаныбарларда кездешүүчү мите курттар Echinococcusgranulosus саналат. Мите курттардын ортоңку ээси болуп –адам жана мал эсептелет. Эхинококк ыйлаакчалары боордо, өпкөдө, бир эле учурда өпкө, көк боор, ичеги-карында да болушу мүмкүн. Бул учурда ооруган адам жөтөлүп, кээде кан аралаш какырып, дем алуусу начарлайт. Мындай белгилер адам өпкөсүнө оору жуккандан кийин бир-эки жылдан соң билинет. Эхинококкоз менен негизинен кишилер жана үй айбандары ооруйт. Эхинококк ит, мышык, бөрү, чөө, түлкү жана башка жаныбарлардын ичегисинде мителик кылып, мите ичегиде өсүп жетилет да, анын денесинин акыркы бөлүкчөсү жумурткалары менен кошо үзүлүп, заң менен айлана-чөйрөгө бөлүнөт, тегерегиндеги жерлерди булгайт. Көп жумурткалары ылаңдуу иттин жүнүнө жабышып жашайт. Ит эхинококкоздун жумурткаларын айлана-чөйрөгө бөлүп чыгаруу менен адамдарга жана малга эхинококкозду жугузат, башкача айтканда, ылаңдуу иттен (бөлүп чыгарган митенин жумурткалары аркылуу) адамдарга жана малга, ал эми малдан итке өтүп, ит менен малдын ортосунда эхинококкоз цикли айланып жүрөт.

Көбүнчө эхинококк ыйлаакчасы 60 % боордо, 30-40 % өпкөдө кездешет. Учурда чоңдордо гана эмес, жаш балдарда да көп кездешүүдө.

Медицинада бул оору «кир колдун оорусу» деп айтылат. Андыктан колду такай самындап жууп жүрүүнү унутпаңыздар! Мына ушундай жөнөкөй эле эрежелерди сактоо менен майыптыкка, ал түгүл өлүмгө алып келүүчү эхинококкоз оорусунун алдын алууга болот.

Эхинококкоздун алдын алуу

Эхинококкоз менен ылаңдаган иттерден алдын алуу чараларды жүргүзүү үчүн эскертүү:

Иттерди эхинококкоз менен ылаңдаган же өлгөн малдын кистасы жана ички органдары менен тамактандырбоо керек.

Малдардын органдарынан чыккан эхинококкоз кистасын акыр-чикир таштандылар менен чогуу ыргытуудан мурда өрттөп же бышырып утилизациялоо абзел.

Жылына 4 жолу бардык иттерге (үй ити, малчы ити, күзөтчү ит, мергенчи ит) профилактикалык дегельминтизациялоо жүргүзүү.

Жолбун иттерди мал союлуучу жайга жолотпоо.

Иттерди байлоодо кармоо, аларды  бакчага(чарбага), суу булактарына жана акыр-чикир таштандылар ыргытылган жерлерге баруусуна жол бербөө.

Иттин заңын же ит багылган жерден чыккан таштандылар тиричиликте же айыл чарба продуктысын сугаруу үчүн колдонулуучу ачык көлмөлөргө түшүшүнө жол бербөө.

Жылына 4 жолу иттерди туура дегельминтизациялоо керек.

  • мөмө-жемиштерди тазалап жууп, колдонуу;
  • чала бышкан шишкебек, гамбургер сыяктуу тамак жебөө;

Мителик дарт

Эхинококкоз оорусу жугуштуу мителик дарт. Анын учурда күчөп, өзгөчө жаштар арасында көп кездешип жатышы дарыгерлерди тынчсыздандырып жатат. Хирургдар эхинококк ыйлаакчаларын мурда  боордон, өпкөдөн эле табышса, азыр мээден, жүлүндөн, жүрөктөн жана бир эле учурда бир нече органдарынан табышып отурат.

Эхинококкозду айыктырууга болобу?

Эгерде оорунун башталышында дары-дармектерди туура пайдаланса, бул дартты айыктырууга мүмкүн, өтүшүп кеткенде хирургиялык операция жолу талап кылынат. Эхинококкту дарылоого болжол менне 50 миӊ сом кетет.

Төлөбүбү КАСЫМАЛИЕВА 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here