Кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү, көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмер Жуман Акималиев быйыл 80 жаш кутман куракка толду. Жогорку жетекчилик кызматтарда иштеп, өмүр бою мамлекетке, элге ак дилден кызмат өтөп келет. Азыр дагы карыдым дебестен, Бишкек шаарынын ден соолукту чыңдоо борборунда директордун орун басары болуп эмгектенет. Көзү тирүүсүндө эмгеги бааланып, Нарын шаарынын маданий эс алуу паркына, Чолпон-Ата шаарынын бир көчөсүнө Жуман Акималиевичтин аты ыйгарылган. Жуман ага менен аңгемелешүү өтө кызыктуу, ары жеңил. Зирек көкүрөктүү, ак пейилдигин бир сүйлөшкөн адам дароо байкайт. Биз дагы Жуман Акималиевич менен 80 жашка толгон кутман курагында басып өткөн өмүр жолу, ишмердүүлүгү туурасында азыноолок аңгеме курдук.

— Жуман Акималиевич, 80 жаш кутман курагыңыз кут болсун. Сексен жаш кандай таасир берет экен?..

— Ар дайым иш үстүндө жүрүп, тынымсыз эмгектенген адамга жаш курагыңдын кантип өткөнү билинбей калат экен. Убакыт учкан куш деген ырас тура. Биз бала чакта аксакалдар «адамдын өмүрү кыска, көз ирмемчелик эле» деп айтышса анча маани берчү эмес элек. Убакыт колго токтобой жылмышат тура. Андыктан азганактай өмүрдө элге, жерге ак дилден кызмат кылуу парз. Мына билинбей эле 80 жашка келдим. Кудайыма шүгүр, бүгүнкү күнгө дейре элиме кызмат кылып келе жатам.

— Сизди көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмер катары эл жакшы тааныйт. Ошентсе да өзүңүздүн кызматтык ишмердүүлүгүңүз туурасында учкай кеп салып берсеңиз?

— Албетте, жакшы болот. Мен 1959-жылы Кыргыз медициналык институтунун дарылоо факультетин бүтүргөндөн тартып элдин кызматында болуп келе жатам. Ал кезде жаштар билим алууга аябай дилгир болчу. Баарыбыздын көкүрөгүбүздө билим алууга болгон көксөө кайнап турчу. Ошол учурда өлкө жетекчиси Исхак Раззаков эле. Алысты көрө билген, мекенчил, кыраакы мыкты жетекчи болгон. Мына ошол убакта Исхак Раззакович медицина менен техникалык тармакта кыргыз жаштары жоктугун баамдап, республика боюнча жакшы окуган окуучуларды Кыргыз медициналык институту менен Политехникалык институтка кабыл алдырган. Натыйжада аталган тармактарда кыргыз жаштарынын саны көбөйдү. Негизги максат – кыргыздан мыкты адис, кадр даярдап чыгаруу болгон.

Мен Мединститутка тапшырган 1953-жылы болгону 15 жашта болгом. Мектепти жакшы окугандыктан эки класс жогору аттап, өзүм курактуу балдардан эрте бүткөм. Боюм 1 метр 44 сантиметр кичинекей бала элем. Жогорку окуу жайын  1959-жылы аяктаганда, мени Ош облусунун Араван районуна кызмат кылууга бөлдү. Ошондо Исхак Раззаковичтин жубайы Роза Ибрагимова кафедра башчысы эле, «жакшы окуган балдардан экиден-үчтөн ар бир кафедрага алып калыш керек» деген Исхак Раззаковичтин тапшырмасы бар экенин айтып, мени, анан дагы бир курсташымды жакшы окуптурсуңар деп клиникага алып калышты. Андан соң  Жайыл районундагы Сосновка айылдык ооруканада иштедим. Кийин Нарын областтык ооруканасынын терапия бөлүмүнүн башчысы, Нарын медициналык училищасынын директору, Ак-Талаа районунун башкы врачы болуп эмгектендим.

— Ал кезде кадрга, жетекчиге болгон талап өзгөчө болсо керек?..

— Кадрга, жетекчиге болгон талап катуу эле да. Баарынын басып өткөн эмгек жолу, ишмердүүлүгү тыкыр анализден өтүп, жөндөмдүүлүгүнө, иш билгилигине, акыл көрөңгөсүнө карап кызматка койчу. Кадрлар жетекчилик кызматка ылдыйдан өйдө карай ар бир тепкичти басып өтүп анан жетчү. Жоопкерчилик жогору эле. Азыркыдай көктөн түшө калгандай кадрлар же жетекчилер жооптуу кызматтарга дайындалчу эмес. Мен Ак-Талаа районуна башкы врач болуп барганда, ал кезде Ак-Талаа менен Тогуз-Торо району бир аймак болчу. Райкомдун биринчи катчысы Корчубек Акназаров эле. Мен ошол кишиден талапты кантип коюш керектигин, ишти кандай аткарыш керектигин үйрөндүм. Ак-Талаа районунан кийин мени 28 жашымда Чолпон-Ата шаарында жаңы ишке киргизилген «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясына башкы врач кылып которушту. Мен барганда санатория 240 орундуу гана болчу. Айланасы кызыл кум, бак-дарак жок эле. Беш жыл иштеп, санаториянын эл кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн 1100 орунга жеткирип, 47 гектар жер аянтына бак-дарак тигип жашылдандырып, бүткүл союзга таанылган ден соолук чыңдоочу жайга айланттым. Эмгегим бааланып, мен 60 жашка чыкканда Чолпон-Атанын бир көчөсүнө менин атымды коюшту.

— Нарын шаарында дагы эс алуу багы да сиздин атыңыздан коюлса керек эле?..

— Ооба, Нарын шаарында шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп турганда ошол кезде Обкомдун биринчи катчысы, атактуу Матен Сыдыковдын идеясы менен Нарын суусунун берки өйүзүнө 10 миң кишилик микрорайон курдук. Тарыхый музей, мейманкана, төрөткана, бала бакча, мектеп салдык. Биз беш жылда салган турак-жай ага чейин 20 жылда да курулган эмес экен. Кийин мектепке Матен Сыдыковдун атын, эс алуу маданий багына менин атымды коюп, нарындыктар биздин эмгекти баалашты. Баш-аягы жалпы алганда Нарында 20 жыл, Ысык-Көлдө 27 жыл жооптуу кызматтарда иштедим. Жергиликтүү кеңештерде 1966-жылдан 1993-жылга чейин  депутат болдум. Жогорку Кеңешке депутат болгон жокмун. Себеби менин агам Жамин Акималиев 7 чакырылышта туруктуу депутат болду.

— Сиз Ысык-Көлдө көп жыл эмгектендиңиз. Учурдагы Ысык-Көлдүн абалы туурасында кандай ойдосуз?

— Ысык-Көлдү көздүн карегиндей сактоого тийишпиз. Мен 2011-2015-жылдары «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын башкы директору, орун басары болуп иштедим. Экопостту курдук. Көлдүн экологиясын сактоого өзгөчө көңүл бурууга милдеттүүбүз. Азыр союз кезиндегидей көлдүн тазалыгын сактоого көңүл бурулбай калды. Мурун пансионаттар көлдөн 300 метр алыста курулчу. Азыр 200 метрге түшүрүштү. Эми 100 метрге чейин уруксат беришибиз керек деп жатышат. Бул туура эмес. Мына азыр болсо жалаң чоңдор көлгө минип алышты. Пансионаттардын көбү чоңдордуку. Саркынды сууларды чыпкалаган сооружениялары жок. Минтип отурсак көлүбүздөн ажырап калышыбыз мүмкүн. Жанагы май чачуучу моторлуу кайык-катерлерди, скутерлерди жүргүзбөш керек. Сууга чөккөндөрдү куткаруу максатында гана коопсуздук үчүн ар бир пансионатта бирден моторлуу кайык болсо жетет. Башкаларга тыюу салыш керек. Анткени сууга чачылган бир грамм моторлуу май 5 квадрат метр суунун бетин жабат. Бул отуз жылда жоголот. Өтө зыяндуу. Убагында Усубалиев менен Сүйүмбаев ошол үчүн сууда жүрүүчү моторлуу май чачуучу скутер-кайыктарга тыюу салышкан. Көлдү ушундай жол менен сакташкан. Азыр баары өз билгенин жасап жатат. Бул жакшы эмес. Эсибизге келбесек, кийин кеч болуп калат.

— Сиздин 80 жашыңызга карата Өкмөттөн көңүл бурган иш-чара болдубу?

— Жок. Ал үчүн бирөөгө барыш керек экен. Кошомат кылып, көңүлүн алыш керек тура. Мен эч качан ушул жашка чыкканы бирөөгө бир нерсе сурап барган жан эмесмин. Ал нерсе мага жат. Жулунганды, кошомат кылганды жаман көрөм. Бир мисал айтайын. Казакстандын президенти Нурсултан Абишович менин курсташым болот. Жогорку партиялык мектепте чогуу окуганбыз. Ал киши Аскар Акаев менен куда болуп, Чолпон-Атага келди. Ошондо мени көрүп аябай кубанып, кучакташып көрүшүп, аябай урмат кылган. Эгер мен кызматка, наам, сыйлыкка кызыксам, ал кишини пайдаланат элем. Менде андай сапат жок. Кудайга шүгүр, эки уул, үч кызды тарбияладык. Баары жогорку билимдүү. Элден кем эмес жашоо тиричилиги бар. Менин байлыгым ошолор. Эми буюрса 80 жылдыкты бала-чакам, ага-тууган, жоро-жолдош, бул жерде иштеген кесиптештерим менен белгилейм.

Маектешкен Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here