—Мелис мырза, Коррупция дүйнөсүндө сиз айткандай “айсберг коррупционерлердин” ана башында турган “Раиммиллион” сындууларга бийликтин тиши өтпөй турат деген пикирлер байма-бай айтылууда…

 —Мен деле эл катары “Раиммиллион бул жактан жеп коюптур, тигил жактан баланча алып коюптур” деген сөздөрдү көп эле угуп жүрөм. Бирок оперативник катары ошол сөздөргө далил бар экенин укканым жокмун. Ар бир адамды күнөөлөш үчүн так далил керек. Экинчиден, “Раиммиллион” айылына дагы көп жакшы иштерди жасап бериптир. Мен ал жагын билем. Менимче, анын бизнестери болсо керек. Туугандарынын да бизнестери бар чыгаар. Айтор, элге жардам берип жатса, чоң-чоң үйлөрдү куруп, жана башка иштерди жасап атса, аны  коррупциялык иштерге шектүү катары караган болбойт. Шектенүүдөн мурун, далилдер болушу керек.

Мисалы, мен деле кызматтан кетип, пенсияга чыккандан  кийин,  канча деген азап менен документ  топтоп, насыя алып, ишкерлик менен алектенүүгө аракет кылып келем. Документти бир жылдан ашуун топтоп, азапты мына мен да жедим. “Кайда барсаӊ Мамайдын көрү” дегендей, кайда барсаң иш акча менен бүтөт. Адам баласы, өз башынан өтмөйүнчө көп нерсени терең түшүнбөйт да. Качан башыңа келгенде гана  көзүң ачылат эмеспи. Эми эл сөз кылып жаткан корруционерлерди камаш үчүн алдын-ала абдан көп иш-чараларды, иликтөөлөрдү жасоо зарыл. Ал иш оңой эмес. Ага убакыт да, чоң тажрыйба да керек.  Азыр анализдеп көрсөңөр, “айсберг коррупционерлер” азайып баратат. Анча-мынча чиновниктер мурункудай болбой, кекиртегин тыйып калышты. Бирок ошол эле учурда  майда-барат, орточо коррупциялык көрүнүштөр көбөйүп жатат.  Мына ушул багытка катуу сокку урулса жакшы болмок. Андай соккуну бир уруп токтотуп койбой, улам кылдаттык менен иликтеп, улам уруп турса андай көрүнүштөгү коррупциянын тамыры кыркылат эле да.

“Негизи Кыргызстанда криминалдык топ бирөө эле болуш керек”

 Криминал чөйрөсү боюнча да кеп кылалы. Акыркы учурда Көлбаев тууралуу көп сөздөр чыгып жатпайбы.  “Баланча жердеги ресторанды,  кайсы бир имараттарды алып коюптур. Бул жердегисин баланча саясатчы, же баланча бизнесмен  белекке бериптир. Көлбаевдин тоюна баланча саясатчылар барыптыр. Көлбаев да айрым саясатчылардын тоюна катышыптыр”- деген өңдү көп эле сөздөр айтылып келет. Мен муну менен крим чөйрөдөгүлөр кайсы бир деңгээлде бийликтин таасирдүү адамдары менен жең ичинде ымалашып, өздөрүнүн багытындагы иштерди ийгиликтүү жасап жатышабы деген маселени айткым келип жатат да…

—Эгерде Көлбаев саясатка аралашса,  анда анын адамдыгы жок болуп калат. Себеби, ал азыр өзүнүнүн башынан өткөргөн ар кандай иштерден сабак алып жатат го деп ойлойм.  Криминалдык дүйнөнүн өзүнүн мыйзамдары бар да. Бул чөйрөдө жүргөндөр ошол мыйзамдарды сактаганга аракет кылышат. Кылмыштуулук ар бир эле өлкөдө бар. Эч ким аны түп-тамыры менен жоюп сала албайт. Анткени, бул турмуштагы дайым болуп турчу көрүнүштөрдүн бири. Кылмыштуулук болуп жаткандан кийин, түрмөлөр болгондон  улам криминалдык дүйнө да болуп турат. Анан сөзсүз түрдө кримтөбөл дагы болот. Бул эми боло турган нерсе да. Кызматта турган кезимде деле Көлбаев баланчанын бизнесин тартып алыптыр деген кептерди уккан эмесмин. Азыр деле андай иштерди уга элекмин.

Бизде иштеп турганда  анын кандай мүлкү бар экендиги, алар кимдерге катталганы боюнча маалыматтар бар болчу. Мен эки жылдан бери кызматта иштеген жокмун. Балким кийин сен айткандай кимдир бирөөлөрдүн бизнесин алгандыр, кимдир бирөөлөр менен келишпестик болгондур. Айтор, бул жагын такташ керек. Иштеп турган маал болсо, бул маселени көзөмөлгө алмакпыз да. Азыр эми тиешелүү органдар көзөмөлгө алып жатышат. ИИМ, Башкы прокуратура, УКМК иштеп жатпайбы. Аларда баардык маалыматтар бар. Ал эми той –топурларга барып жатканы, же чакырып жатканы башка маселе. Аны эч ким тыя албайт, мамилесине жараша бара берет да. Бул көрүнүш бир гана Кыргызстанда эмес, баардык эле мамлекетте бар. Кыскасы, мындай маселеде сыртынан эле бүтүм чыгарып койбой, ичинен  билип, тамырына тереңден анализ кылыш керек. Кыргызстан  кичинекей эле. Ким эмне иш кылып жатканы, ким менен мамиле түзгөнү бат эле угулуп калат. Көпчүлүгүбүз бири-бирибизди тааныйбыз, куда-сөөк, таяке -жээнбиз дегендей…

—Кыргызстанда Көлбаевдин алдына чыккан, ага атаандаш болгон кримтоптор жок да, туурабы?

—Андай деле кримтоптор жок. Негизи Кыргызстанда криминалдык топ болсо да, бирөө эле болуш керек. Бул чөйрөнү да бирөө караш керек. Криминил деген биз кааласак да, каалабасак да баарыбир болот, өз ишин жүргүзөт. Көчөдөгү чектен чыккандарды тартипке салып, өз мыйзамдарынан аша чаппай, өздөрүнүн жолдору менен турушу керек. Бул жагын күч тармактары эч кимди кийлигиштирбей, жөнгө салып туруусу зарыл. Биз иштеп турганда крим чөйрөнү өз жолунда жүргүдөй кылдык.

 “Бирөөсү генерал. Азыр пенсияда. Дагы бирөөсү азыр түрмөдө олтурат… ”

—Акыркы учурда Кулов сыяктуулар 12 жыл мурун өлгөн Рыспек Акматбаевди: “ минтип койгом, антип койгом” – деп эле мактанып маек берип жатышат. Чынында ошолор Рыспекти  “антип коймок” турсун  көлөкөсүнөн да коркуп жүрүшкөнүн жакшы билебиз. Сиз эми Рыспекти жакшы билесиз. Окурмандарга  бул тема кызык эмеспи. Ошондуктан бул маселе боюнча да оюңузду уксак…

 Рыспекти мен бала кезинен таанычумун. Чынында анын жакшы сапаттары көп эле болчу. Адам өлгөндөн кийин жакшы-жаман сөздөр айтыла берет экен. Бирок Рыспектин эң эле жаман иши- бул анын кыргыздын бир топ жакшы жигиттерин тазалап койгону болду. Ошондой иштердин негизинде ал өзүнүн чоң аброюн жоготуп  алды. Болбосо, жаш кезинде патриот болуп чыккан. Мисалы, кыргыздарды басынтып келген чечен, орус улутундагы “ярыйларды” ордуна койгонго чоң салым кошту. Кийин жаман иштерге аралашып, колдон чыгып кетти да. Чынында Рыспектин криминал чөйрөсүндөгү “монстр” болуп кеткенине  ошол кездеги бийлик күнөөлүү. Бийлик ошол учурда Рыспек менен жакшы мамиледе болгон. Шайлоо, референдум, оппозициялык маанайдагы адамдарды да саясаттан чыгаруу сыяктуу  жана башка  чоң-чоң иштерде колдонушту. Депутат болуп турган инисин түрмөгө барган кезде өлтүрүп коюшпадыбы. Ошондон кийин да Рыспек өзүн сабырдуу кармай албай, колдон чыгып кетти. Акырында Рыспектен кутулуу үчүн көзүн тазалап коюшту. Менимче, аны жок кылуу ишинде  шек саноолор бар да…

—Мисалы, кандай шек саноолорду айтып жатасыз?

—Менин көз карашымда, Рыспекти жок кылгандар криминал чөйрөсүндөгү атаандаштары эмес. Бул маселеге мамлекеттин кийлигишүүсү  болуп калды го. Себеби, мен Рыспектин көп иштерин, байланыштарын жакшы эле билчүмүн. 2005-жылдагы төңкөрүштөн кийин мен Кылмыш иликтөө башкармалыгында иштеп турган кезде, Рыспекти Бишкектин четиндеги Панаромадан кармаганбыз. Ошондо анын машинесинин “багажында” курал-жарак толтура экен.  Бирок мага ошол замат эле чоңдордон “Рыспекти коё бергин” дешти. Мен алардын сөзүн четке кагып, коё бербей койгом. Мага ошондон кийин кысым башталып, акыры иштен кетиришкен.

—Сизге кимдер көрсөтмө беришти эле?

—Аттарын ачыктабай эле коёюн.Бирөөсү генерал. Азыр пенсияда. Дагы бирөөсү азыр түрмөдө олтурат. Менин Рыспектин өлүмү боюнча кылмыштын бетин ачайын деген деле ниетим жок болчу. Бирок кезинде  бул ишти колго алсак деле болмок. Бийликке да Рыспектин өлүмүнүн сырын ачканга кызык болгон жок. Бул маселе бийликке кереги деле жок болду да.

—Рыспек өлөөрүнө жакын: “50 саясатчынын тизмеси бар. Ошолорду кустурам, тышкы карыздан кутултам” – деген мааниде кеп айтты эле…

—Бул сөздөр эмоция менен айтылган сөздөр болсо керек. Чынында 50 саясатчынын артында да бир топ кишилер турат да. Баарын чөгөлөтүү кыйын иш да. Бирок, ким билет, балким бирин-экин саясатчыга өзүнүн мүнөзүн көрсөтөт беле…

—Азис Батукаевдин эркиндикке чыгып кетиши боюнча эч ким жоопко тартылбай калды. Ал тургай бул маселе унутулуп бараткандай…

—Мамлекет бул  маселеге кызыкдар болбосо, козголгон кылмыш иши жылбай турса, бул маселе боюнча айткандын кажети деле жок. Козголгон кылмыштын негизинде иликтөө жүрсө баары эле ачыкталмак. Негизи, Батукаевге ким диагноз койгону, ким узатканы, деги эле аны өз мекенине ким чыгарууга кызыкдар болгону жазылбай эле көрүнүп турат да. Кээ бирөөлөр бул маселеде Атамбаев күнөөлүү деп айтып жүрүшпөйбү. Ал киши күнөөлүү деле эмес. Бирок аны ошол учурда алдап коюшкан. Атамбаев өзү алданганын кийин билип калган.

—Кимдер алдашкан? Ачык айтпайсызбы?

—Вице –премьер-министрдин деңгээлиндеги адамдар алдашкан. Бирок мен ал кезде Атамбаевге бул маселе боюнча кыйытып айткам. Уккан жок. Келишимдер болгон да.  Анан жыйынтык ушундай болуп калбадыбы. Мен бул маселени алаканга салгандай билем. Кийин акырындык   менен толук ачыкталышы деле мүмкүн.

—Батукаевдин бүгүнкү күндө таасири кандай? Бул жакта деле балдары бар да.  Жакында Москвада базар талашып жатканы боюнча маалыматтар чыкты эле…

—Азыр эми Москвадагы чечендердин арасындагы таасирлүү эле уруулардын бири десек болот.  Бирок абдан таасирдүү деп айтууга болбойт. Кыргызстанда деле анын таасириндеги балдары болсо керек. Такыр жок деп айтууга болбойт го. Менимче, “Сакал” деген каймана аты бар Улан Токтосуновдун артында Батукаев турушу мүмкүн.

Баарлашкан Айбек Шамшыкеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here