Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курамасынын лидерлери Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов Венгриядагы дүйнөлүк чемпионатка катышпай турганы маалым болду.  Чемпионат 20-28-октябрь күндөрү Будепешт шаарында өтмөкчү, ага Кыргызстандын улуттук курамасынан 12 спортчу катышат. Белгилей кетсек, Тыныбекова 2017-жылы Францияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта 5 күмүш медаль,   быйыл Кытайдагы турнирде коло, Испанияда алтын медаль тагынган. Ошондой эле Түркиядагы турнирде жана Индонезиядагы Азия оюндарында күмүш байге алган. Азия оюндарында аны жеӊген монгол балбанынын канынын допинг табылган болчу. Ушундан улам ага алтын медаль берилиши мүмкүн. Балбан кызыбыздын Азия оюндарынан кийин далысы ооруп жатканы айтылган.

Ал эми Акжол Махмудов быйылкы жылы Бишкектеги Азия чемпионатында алтын, Азия оюндарында күмүш, ал эми дүйнөлүк жаштар чемпионатында коло медаль тагынган.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here