Кыргызстандын эстрадасындагы эӊ атактуу  ырчы Мирбек Атабеков Казакстанга да кеӊири таанылуу үчүн казак элинин таланттуу, сексуалдуу ырчысы Камшат Жолдубаева менен казакча дует ырдап, клипке тартылганы, элдин сын бутасына кабылды. Кыязы, Атабеков менен Камшат айым бул клиби менен эки тууган элге жаӊылык ачкысы келишкен окшойт. Клипте Мирбек октон буйтаган кадимки Жеки Чанга “айланган”. Анан калса, жарым жылаӊачка жакын кийинген Камшат айымдын үстүнө чала-бучук жатып, чала-бучук өбүшкөнүн көрүүгө болот. Атабеков бул тууралуу: “Режиссердун өбүшкүлө, кучакташкыла дегенин мен аткарган жокмун” – деп актанууга үлгүрдү. Эмнеси болсо да, Атабеков бул клиби менен аброй таба албайт. Клип да, ыр да мыкты деле эмес. Бир көргөнгө, бир укканга болчудай эле чыгарма. Кыязы, Атбековго атасынын костюмун кийип, мамаккапчан ырдап чыккан Зере деген кыздын чыгармачылыгына катуу таасирленген окшойт. Акыркы учурда  кыргыз-казак ырчыларынын клибинде: жылаӊач дене, өбүшүү, эзилишүү, уяттуу жерин көрсөтүү сындуу көрүнүштөр аздан болсо да көбөйүп баратат. Алар Американы, Европаны туурап маӊкурт болуп баратышкандай. Мындай көрүнүштөр манкуртчулукк ачылып жаткан жол экенин түшүнүү абзел. Андай обу жоктукка карабай, Зере, Атабеков сындууларды деле коргоп чыккандар көп. Эми алардын деӊгээли, жеткен түшүнүгү ошол болсо эмне кылалы…

Баса, казак ырчысы Камшат айым башынан эле жарым жылаӊач кийинүү стилин катырып келет. Ал  инстаграм баракчасына дайым ошондой сүрөттөрүн жүктөйт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here