Президент Сооронбай Жээнбеков Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунованы кызматынан бошотту. Президенттин маалымат кызматы  Исакунова жумушунан өзүнүн берген арызынын негизинде бошотулганын кабарлады. Белгилүү болгондой бул министр айым мамлекеттин акчасына өзү, үй-бүлөсү менен кошо чет өлкөлөргө саякаттап жүргөнү маалым болгон. Ошондой эле анын орун басарлары Лунара Мамытова менен Зууракан Каденовалар да анын жолун жолдоп, чет өлкөлөрдө тайраӊдашкан. Каденова болсо Кореядан “жинди сууга” тоюп алып, учактан уруш чыгарган үчүн кызматтан алынган. Мамытова да кызматтан кете турганын айткан. Бул мамлекетке зыян келтирген үч атка минер айымдар жоопко тартылып, жазаланышы зарыл. Бизде жазалоонун жеткен чеги кызматтан алуу эле болуп калбашы керек. Аларды жазалоо кийинкилерге да сабак болуп калмак. Президент ушул маселеге киришеби, же көз жумду кылып коебу?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here