Аз күн мурун кытайлык туристтерге визаны жоюп салалы деген маселени демилгелеп чыккан  РАЖдын депутаты Махабат Мавлянованы жалпы коомчулук катуу сынга алды. Бирок Махабат айым, ал акылга сыйбаган сунушу үчүн кечирим сурап койбостон, тескерисинче өзүн сындагандарды “менин абалымды, туугандарымды ойлоп коюшпай, кашыктап чогулткан кадыр-баркымды чөмүчтөп чачышты”-деп бет тырмарлык кылып, кайра эле Кытайларды жактаган тасманы ЖКда көрсөттү. Уялбагандан өзүӊ уял дегендей, бул айымдын  ансыз да билинип-билинбей “басып” жаткан кытайларды мынчалык жан үрөп колдоп жатканында бир кеп болсо керек. Айрым маалымат каражаттары депутат айымдын Кытай жарандары менен чогуу бизнесихамаалыматтарды жазып чыгышты. Ал ортодо  24 кг. маалымат агенттигин Мавлянова мыйзам боюнча тыюу салынган кумар оюндары боюнча бизнести ийгиликтүү жүргүзүп жатканын жазып чыкты. Махабат айым,  «Азиз Жан» жана«МЖА-Групп»  ЖЧКсынын ээси. Ал көӊүл ачуу боюнча мекеме болуп саналат.  Ошондой эле  депутат айымга кумар оюндарын ойноткон  «Мега МБЛ» ЖЧКсы да караштуу.  Маалым болгондой 2015-жылы букмекердик контора, тотализатор сыяктуу кумар оюндарына атайы мыйзам менен тыюу салынган. Же Мавляновага ал мыйзам иштебейби? Мындан тышкары, Мавляновага Ошто “Аскаалы” деп аталган көӊүл ачуу борбору да катталыптыр. Депутат айымдын биринчи күйөөсү Кыргызстандын эӊ бай адамдарынын бири Бозулан Мамазаиров экени да бул ирет элге ачыкталды. Ал кезинде мурунку күйөөсү менен  «Азия Голд Билдинг» курулуш компаниясын иштетип келген. Экөө ажырашкан соӊ , URBAN DESIGN and PROJECT, «Алашан плюс» сыяктуу  компанияларынын ишмердүүлүгүн токтотушканы да айтылат. Мавляновага караштуу «Жаннат Компани» компаниясын азыр  Мавлянов Азизбек Манасович башкарып жатат.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here