Өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги менен Ички иштер министрлиги коомчулуктан илбирстин териси менен сүрөткө түшкөн адамды табууга жардамдашууну суранышты.

Мекемелер тараткан билдирүүдө айтылгандай, сүрөт алардын «WnatsApp» номерине келип түшкөн. Эгер адамдын аты-жөнү аныкталса, ага мыйзамдык негизде чара көрүлөт.

2017-жылдан бери илбирсти мыйзамсыз кармагандарга 1,5 миллион сом айыппул салынат.

(Илбирстин териси менен сүрөткө түшкөн киши. Аты-жөнү белгисиз. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги тараткан сүрөт).

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here