Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы Ала-Бука районунда мас абалдагы атасын уулу үч жолу бычактап өлтүрүп, «өз ажалы менен өлдү» деп көмүп коюшкандыгы боюнча маалымат таратты.

Маалыматта:  Ала-Бука районуна караштуу Достук айылынын 1969-жылы туулган тургуну С.Т. ушул жылдын 4-октябрында түнкү саат 22:00 чамасында үйүнө мас абалда келип,  1999-жылы туулган уулу Рашидди урушуп, ага кол көтөргөн учурда уулу сандыктын үстүндө турган бычакты алып, атасынын көкүрөгүнө үч жолу сайып жибергендиги айтылат.  Атасы ошол замат эле жан берген.

«Бул үй-бүлө маркумдун өлүмүн жашырып, «мас болуп өз ажалы менен каза болуп калды» деп акыркы сапарга узатышкан. Айылдагы «Жаамий» мазарына жансыз денени көпчүлүк менен бирге көмүшкөн. Бирок Ала-Бука РИИБге маркумдун өлүмү боюнча күмөндүү маалымат түшүп, атайын ыкчам иликтөө иши жүрүп, маркумдун киши колдуу болуп өлгөнүн аныкташкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголгон. Ошондон кийин , ал күнөөсүн мойнуна алып, баарын айтып берген. Маркум атасы ошол күнү  ичимдик ичип келгенин, ошол күнү үйүндө жаңжал болгонун, анын кесепетинен атасына бычак сайганын айткан.
Маркум төрт баланын атасы болгон.