Эки жылдан бери Социалдык өнүктрүү министринин орун басары болуп иштеп келген Лунара Мамытова акыры айыбы ачылган соӊ, өкмөт  атайы берене менен айдап жибере электе, өз каалоосу менен кызматтан кете турганын жар салды.Эми бул жагын жалпы коомчулук түшүнүп турат.

Мамытова дагы бир күлкү келе турган окуяны айтты. Ал «Кактус мединанын» журналистине айлыгынын көлөмүн так канча экенин айтып бере албай койгонун береги тасмдан көрүүгө болот. Лунара айым, күлкүнү келтирип, өз айлыгын маӊдайында олтурган пресс-катчысынан сураган. Буга эми эмне дейбиз. Айла жок экен да. Өз айлыгын 2 жылдан бери так билбесе, анда бул айым айлыкка деле карабай, жалаӊ башка «кирешелер» менен иштеп келген го.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here