Өкмөттүн маалымат кызматы бир катар маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга чейин жогорулаганын кабарлады.  Өкмөттүн 2011-жылдын 19-январындагы №16 «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө» токтомуна маданият мекемелеринин кызматкерлеринин маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициентин 1,8 өлчөмүндө белгилөө каралган өзгөртүүлөр киргизилген. Төмөндө маяналары көтөрлө турган маданий мекемелердин тизмеси:

— Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын кызматкерлери;

— Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын кызматкерлери;

— С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейинин кызматкерлери;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин кызматкерлери;

— Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук керкөм сүрөт искусство музейинин кызматкерлери;

— «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин кызматкерлери;

— «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын кызматкерлери.

— Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын;

— М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын;

— С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын;

— Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here