«Кызың Аида ааламдан өттү” — деген телеграмма алган Эдил байке Оруссиянын Иркутск шаарынан жолго чыкты. Жалгыз кызынан айрылып калганын билип
турса да ишенгиси келбеди. ”Балким кызым өзү мени сагынганынан улам ушинтип тамашалап чакырып жаткандыр… жооок. Менин кызым али көп жашашы
керек, ал тирүү»…деп ар кайсыны бир ойлоп келатты. Бирок кызынын өлгөнү тууралуу эмес. Бишкекке жетери менен аэропорттон такси кармап үйүнө келди. Баары кара кийинип алышыптыр. Эдил байкени көрөр заматбаары кошок кошуп үн  чыгарып ыйлап жиберишти. Ошондо гана Эдил байке жалгыз перзентинен
айрылганын билип эси ооп калды. Өзүнө келип кызынын денеси жабылган шейшепти ачты. Өңү купкуу болуп көгөрүп кетиптир. Кызынын
башын кучактап үнүнүн барынча кыйкырып ыйлап жатты. Бир кезде туугандары жетелеп сыртка чыкса эки  милиция туруптур.

— Сабыр кылыңыз байке. Пенделик экен.
— Силер кимсиңер? Эмнеге келдиңер?
— Биз сиздин кызыңыздын өлүмү боюнча текшерүү жүргүзүп жатабыз.
— Эмне!? Эмне болуптур?
— Сиздин кабарыңыз жок беле?
— Эдил байке эч нерсени уга элек. Жанаракта эле
келди- деп бир тууганы аралашты.
— Аа. Андай болсо түшүнүктүү. Анда өзүбүзчө
сүйлөшсөк болобу?
-Макул деп Эдил байке менен тигилер машинеге
олтурушту.
— Кызыма эмне болуптур?
— Кызыңыздын муздап калган сөөгүн кар астынан
селсаяктар (БОМЖдар) таап алышкан. Ал жерде 2 кун
жатыптыр. Эксперттердин тыянагы мына окусаӊыз болот.
— Мен бул кагазынарды окуп олтурганга алым жетпейт
азыр. Анын үстүнө  түшүнбөймүн деле. Өзүӊөр жакшылап түшүндүрүп бергиле.
— Кызыӊызды бирден зордуктап андан соң муунтуп өлтүргөн. Арам оюн ишке ашырып, сөөктү кардын астына көмүп салышкан.
— Ким!? Айт дейм! Ким ал!?
— Сабыр кылыӊыз байке. Азырынча экспертизалар толугу менен даяр боло элек. Андан соӊ гана бир чечимге келе алабыз. Анда эмнеге келдинер! Жоголгула
көзумө көрүнбөй! Өзүм таап бычам ошолорду!
Эшикти катуу жаап сыртка чыгып кетти. Артынан бир милиция түшө калып:
— Алысыраак жерде кызыңыздын кийими табылган.
Чөнтөгүндө кат бар экен.
Кайра келип катты алып чөнтөгүнө салды да кетип калды. Эдил байке бир гана перзенттүү  болгон. Аида деген кызы. Аялы боорунан рак болуп Аида 12 жашка
чыкканда көз жумган. Эркек жигит болсо бир жөн, кызы Аиданы жалгыз кантип туура тарбия берем? Кантип сырдаша алам деп коркуп күйөөдөн ажырашкан Жанара аттуу өзүнөн 10 жаш кичүү келинге үйлөнөт. Арадан жылдар өтүп ,жашоо шарты буйруп элдин агымы менен кошо Россияга келип иштей баштайт. Келгенине 9 ай эми болгондо ушундай болуп кызынан айрылып олтурат.
Кызынын сөөгүн жерге берип 3 күн өткөндөн кийин, Аиданын мүрзөсүнүн башында олтуруп алып катты окуй баштайт.

Саламатсызбы АТАКЕ!  Сизди сагындым. Качан келесиз, качан мени бооруӊузга басасыз? Апамдан айрылганда сиздин ЖҮРӨГҮҢҮЗ кандай ооруса, бугун сизди жоктоп менин жүрөгүм ошентип ооруп турат.  Бирок канчалык куса болгонум МЕНЕН сиз жазга чейин кайра келбешиӊизди билем. Сиздей асыл адамды  сүйгөн апам бизди эрте таштап кетерин билсек кана… Мен минтип өгөй апамдын ордуна өз апамдын кучагында жүрбөйт белем. Бирок мени өгөй апам деле өз апамдын
жоктугун билдирбейт. Бирок  сиздин мээримиӊиз башка СИЗДЕН ДА жылуу мээрим күтөм атаке. Батыраак эле келиӊизчи суранам. Сизден БАШКА менде  жакын адамым жок экенин билесиз го. Атаке, бир классташ кызымдын ЖИГИТИ аябай сиздин жаш кезиӊизге окшош экен. Же башка аялыӊыздан туулган уулуӊузбу? Тамаша атаке. Бирок мен алгач көргөндө ушунчалык окшош адамдар БАР ТУРА деп аябай таӊ  калдым. БАШКАЛАР көчөдө  ата апасын ээрчип жүргөнүн көрүп көзүм күйөт. Ыйлайм сагынам. Жанара апам ыйлай
бербе деп АЙТСА кадимкидей жаман көрүп кетем. Бирок апа ордуна апа болуп жүргөнүн ойлоп кайра уялып, кечирим сурайм. Жанара апа апамдын
ордун басарына алгач ИШЕНБЕЙ ичимден жек көрүп жүрдүм.  Бирок жанылышыптырмын. Жаман апа эмес. БИР КүН сиздерге да перзент берип мага КОКУСТАН инилуу же сиӊдилүү болосун деп сүйүнчүлөп жиберсе
кантем деп азыртан баштап эле ойлонуп жүрөм. Бирок ошондо да ӨЗ КӨЗҮМ МЕНЕН корбосом ишенбесем керек. ылайым тилегимди берсе кана… апамды
ТӨШӨКТӨ ЖАТКАН ЖЕРИНЕН кепинге ороп бир топ адамдар көтөрүп чыгып баратканы түшүмө көп кирет. эмне учун атаке? Ии баса…жакында эле апамдын бир дос кызын  көрүп калдым, аяш апам да. Апам жөнүндө көп нерселерди айтып берди. Кетер мезгилде аларды сүрөткө тартып алдым. Анан, арадан эки күн өткөн соӊ,  кайрадан жолугушуп, сүрөттөрдү кайра алып барып бердим.  ЭКӨӨБҮЗ ЭРТЕ
менен жолугуп кечке олтурдук сырдашып. Атаке сиз эгер ЖАЗДА келсеӊиз айылга барып келебиз ээ? Ал  жакта мен ЧЫМЧЫКТАРГА  таруу чачып, сиз болсо мен
өз колум менен ЖАСАГАН кымыз ичесиз, чабалекейлердин УЯГА азык ташыгандарын көргүм келди. Алар өз балапандарын душмандан ЖАШЫРЫП
ылайдан жасаган уясында бакканына ан калчумун, көрсө адам эле эмес башка жандыктар да өз балдарын коргоп сактайт тура бая куну сабактан чыгып апамдын бейитине барып кечке олтуруп КАРАҢГЫДА ҮЙГӨ КЕЛДИМ, ал жерде
СИЗДИН ден соолугуңуз чын болуусун сурандым. Келерим менен БӨЛМӨҢҮЗДҮН ЭШИГИН АЧА САЛСАМ козумо апамдын элеси көрүнүп кетти. Дайыма кечинде
жатчу койногун кийип алыптыр. Ыйлап жибердим. Ал апамдын көйнөгүн кийген өз эмес ӨГӨЙ АПАМ экен. Тиги дүйнөдөн тирилип келдиби деп ойлоп жибериптирмин. кайра оз болмомо кирип кеттим. Сиз кетип, үйдө ЭРКЕК жасачу жумуштар көбөйүп кеткендиктен, бузулуп калган телевизорум калың чаңы МЕНЕН ЖАТЫПТЫР, сиз болгондо оӊдоп коймоксуз. Эртеси сабакка барбай койдум. Мени издеп кыздар үйгө келишиптир. АЛАР мени көрбөсүн деп чыкпай койдум
ДА, айнекти жаап жатсам мени көрүп калышты. Күн суука карабай, жеңил кийинип алып алар менен жөнөп кеттим. Жолдо баратып ТҮНДӨ болгон
апам көрүнгөн окуяны айтсам тигилер мыскылдагансып кулуп жатышты. Мектепти
жанындагы АЛМА БАКТЫ кыйып жаткан адамдарды коруп ачуум келди эмне учун жаратылышты кордоп жатышат деп, аларды КӨЗДӨЙ бардым да тилдей
баштадым. Кичинекей кыздын сөзунө коркуп тигилер КАЧЫП кетмек беле. Айла жок сүйлөнүп алып кайра мектепке карай жөнөдүм, тигилер эч нерсеге
түшүнбөй карап калышты. Мектепке келсем мугалим айтат: сенин артындан сөзсүз бироо КУУП келуу керекпи деп урушуп калды. Ызама чыдабай чуркап чыгып кеттим. кыздар токто деп артымдан КЕЛАТАТ, БИР кезде жанагы кыйылган бактын түбүнө жашындым. Алар издеп издеп таппай калышты, эч кимге көрүнбөй үйгө  кайтып келдим. МЫНДАН АРЫ эми эмне болот? КАНТИП эми мектепке барам Эми кантип элдин көзүн карайм? КАНЧА жыл ушундай болуп сыздап ЖАШАЙМЫН? Эмне кыларымды БИЛБЕЙМ. Кыздар да жаман көрүп калышты. АЛАР МЕНИ ТААП АЛАРЫ МЕНЕН мугалимдин алдына алып бармак. Адам
бир нерседен  кутулуу үчүн ар нерсеге барат дегени чын экен. Тиги мугалимди коргусу келбей качып жашынуу негизинен кыз балага жарашпайт эмеспи.
Бирок мен ошол ишке бардым. ЭГЕР КОКУС сиз ушул жерде  болгонуӊузда ӨЛҮП КЕТСЕМ да УШУЛ ишти кылмак эмесмин. Анткени сизди жер караткым келбейт, мугалимдерден күндө мени жамандаган КАТ келүүсүн каалабайм. Ушул ишим АРКЫЛУУ сиз да МЕНИ урушууңуз мүмкүн. Мындай жагдайда эч КИМ өз перзенти болсо да урушпай койбойт. Анткени эркекти намыс коёнду камыш ӨЛТҮРГӨНҮН БИЛЕСИЗ да. Сизге арнаган катым да аягына чыгып калды окшойт. Алыста
жүрөсүз, ӨЗҮҢҮЗДҮ АБАЙЛАҢЫЗ, БУЛ КАТ сизге сөзсүз жетерине толук ДАЛИЛ бар деп ойлойм. БУЛ КАТКА алаксып бир кырсыкка туш болбоӊуз дагы. Менин акыбалымды ТҮШҮНГӨН СОҢ сиз да мени кечирерсиз. Ал жактын милициялары начар дешет. МИЛИЦИЯГА түшпөй жакшы иштеӊиз. Катты алган соң мага бир
жолун таап катты алдым деп КАБАР БЕРИҢИЗ. Атаке СИЗДЕН СУРАНАРЫМ жаман жолго барбаӊыз, ичпеӊиз.  БУЛАРДЫН арты кайгылуу эмеспи. ичкилик адамдын КАНЫНА бир кырсык болушу мүмкүн. КОЛУҢУЗДУ жаман нерселерге БУЛГАБАҢЫЗ -ДЕП КЫЗЫҢЫЗ АИДА…”

Эмне учун кызым мындай тушунуксуз ар кандай ойлорун аралаштырып кат жазып кетти? Создордун арасындагы кээ бир создорду эмне учун чоң тамга менен жазган? Балким бул чон тамгалар менен бир нерсени тушундургонго аракет кылып жаткандыр. Кана эмесе чон тамгаларды өзүнчө кылып окуп коройунчу.
Урматтуу окурмандар силер да чон тамга менен жазылган создорду катары менен баракка жазып коруп окуп коргулочу. Балким бул кыз бир нерсени эч ким
билбесин деп ушинтип атасына табышмак катары айтып кеткендир…
Чоӊ тамгалар менен жазылган сөздөрдүн сыры мындай экен:
“АТАКЕ ЖҮРӨГҮҢҮЗ МЕНЕН СҮЙГӨН ӨГӨЙ АПАМДЫН,
СИЗДЕН ДА БАШКА ЖИГИТИ БАР ТУРА. БАШКАЛАР
АЙТСА ИШЕНБЕЙ ЖҮРДҮМ, БИР КҮН ӨЗ КӨЗҮМ МЕНЕН
ТӨШӨКТӨ ЖАТКАН ЖЕРИНЕН КӨРҮП КАЛДЫМ ДА
АЛАРДЫ СҮРӨТКӨ ТАРТЫП АЛДЫМ, АРАДАН 2 КҮН
ӨТКӨН СОҢ СҮРӨТТӨРДҮ АЛЫП, ЭКӨӨБҮЗ ЭРТЕ
ЖАЗДА ЧЫМЧЫКТАРГА ЖАСАГАН УЯГА ЖАШЫРЫП
КАРАҢГЫДА ҮЙГӨ КЕЛДИМ, СИЗДИН БӨЛМӨҢҮЗДҮН
ЭШИГИН АЧА САЛСАМ ӨГӨЙ АПАМ ТИГИ ЭРКЕК МЕНЕН
ЖАТЫПТЫР, АЛАР ДА МЕНИ КӨРҮП КАЛЫШТЫ, КҮН
СУУКТУГУНА КАРАБАЙ ТҮНДӨ АЛМА БАКТЫ КӨЗДӨЙ
КАЧЫП ЖӨНӨДҮМ, ТИГИЛЕР КУУП КЕЛАТАТ, БИР
БАКТЫН ТҮБҮНӨ ЖАШЫНДЫМ, АЛАР ТАППАЙ
КАЛЫШТЫ, МЫНДАН АРЫ КАНТИП ЖАНА КАНЧА
ЖАШАЙМЫН БИЛБЕЙМ, АЛАР МЕНИ ТААП АЛАРЫ
МЕНЕН КУТУЛУУ ҮЧҮН АР НЕРСЕГЕ БАРАТ, ЭГЕР КОКУС
ӨЛҮП КЕТСЕМ УШУЛ КАТ АРКЫЛУУ МЕНИ КИМ
ӨЛТҮРГӨНҮН БИЛЕСИЗ, ӨЗҮҢҮЗДҮ АБАЙЛАҢЫЗ, БУЛ
КАТ ДАЛИЛ, БУЛ КАТКА ТҮШҮНГӨН СОҢ МИЛИЦИЯГА
КАБАР БЕРИҢИЗ, СИЗДЕН СУРАНАРЫМ БУЛАРДЫН
КАНЫНА КОЛУҢУЗДУ БУЛГАБАҢЫЗ ДЕП КЫЗЫҢЫЗ
АИДА”
Көрсө Аида таңга маал үшүп олтуруп катты жазып бүткөн соң тигилер кармап алышып, зордуктап анан муунтуп өлтүргөн тура. Кат, сүрөт жөнүндө билбептир. Баары ачыкка чыккан соң кылмышкерлер кармалды.

Булак: Интернет

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here