Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы Түп районунун тургуну 78 жаштагы апасын зордуктоого аракет кылган 30 жаштагы таанышын өлтүрө сабап салганын кабарлады

Маалыматта:  8-октябрда Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө айылдардын биринде жергиликтүү тургун улгайган аялды зордуктоого аракет кылгандыгы боюнча маалымат түшкөнү айтылат.
Күбөлөрдү суроо учурунда ошол эле күнү саат 19:00 чамасында 30 жаштагы тургун мас абалында таанышынын үйүнө кирип, анда 78 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылгандыгын айтышкан. Коркуп кеткен аял кыйкырып жардамга чакырган. Апасынын кыйкырганын уккан 30 жаштагы баласы чуркап келип, мас абалдагы тургунду  короого алып чыгып, катуу сабаган.
Денесине оор жаракат алган жаш жигит райондук ооруканага жеткирилип, эс-учуна келбестен көз жумган. Анын денесине оор жаракат келтирген шектүү дагы ооруканага жеткирилип, күнөөсүн мойнуна алган.  Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here