7-октябрь күнү Чүй облусунун губернатору Туйгуналы Абдраимов 60 жашка толуптур. Ал бул даталуу туулган күнүн   “Ысык-Ата” курортунун жака белиндеги Карагайлуу-Булак айылында 3 боз үй тигип, 3 боз жылкы союп белгилеген экен. 60ка  чыкканча Туй байке далай кызматтарды аркалады. Эми да Жээнбеков менен тил табышып алып, Чүй облусун жетектеп жатат. Жетектегенде да өзүм билемдик менен, керек болсо айрым жерден баягыдай чоң муштумдук менен жетектеп жатканы айтылууда. Ал: «Мен губернатормун. Эч кимден акыл сурабайм. Менин тажрыйбам толтура «- деп облус админситрациядагы өтө тажрыйбалуу, абройлуу аадмдардын жакшы сунуш, пикирлерин да четке кагып жатканын эшиттик.

Белгилүү болгондой Туй байке буга чейин жыйналышта күпүлдөп сүйлөп, маркум Рыспек Акматбаев тууралуу да мактаныч менен кеп айткан. Анысы катуу сынга алынган  болчу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here