6-октябрда  Бишкек—Ош унаа жолундагы(641-чакырымында) Кара-Суудагы Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Жаңы-Турмуш айылында  2 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен  бир адам каза болуп, 5 жабырлануучу ооруканага жеткирилгенин Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кабарлады.
«Хонда Эйрвэйв» үлгүсүндөгү унаа менен «Хонда Фит» бетме-бет кагышкан.
Кырсыкта жабырлангандар  Өзгөн районунун тургундары:

— 1965-жылы туулган М.А.

— 1982-жылы туулган П.Д.

— Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган тургуну А.С;

— «Хонда Фит» унаасынын айдоочусу С.А.;
«Хонда Фит» унаасынын жүргүнчүсү — 1975-жылы туулган С.Н. оор жаракаттын кесепетинен окуя болгон жерден жан берген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here