Ырчы Анжелика ажырашкандан кийин өзүнүн сүйүктүү адамын тапканын  буга чейин соц баракчасына жазып чыккан.  Ал бул тууралуу суроого   Limon.kg маалымат булагына буларды айтып берген:

“Ооба, азыр бул фото сүрөт тууралуу ар кандай кептер болуп жатат. Мен ойлойм бул кадыресе көрүнүш. Себеби ажырашкандан кийинки менин жашоом баарына кызык да. Мен бул кадрды өзүм жүктөгөм. Сүрөт кечинде досторум менен отурган кезде тартылган. Биз экөөбүз тең баарына менин жүрөгүмдү ээлеген адам бар экенин айткыбыз келген. Анткени ажырашкандан кийин мага көңүл бурган мырзалар көбөйүп кетти. Азыр мени колдоп жанымда болуп жаткан адамга ырахмат. Ал мага баарына жардам берүүдө. Анын аты ким? Каерде иштейт? Бул жашыруун бойдон калат. Мен анын бетин эч качан көрсөтпөйм”.

Ырчы айым сүйгөнүнүн бетин элге канча убактка чейин көрсөтпөй, «катып» жүрөт, аны  убакыт көрсөтөт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here