Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы Жалал-Абад шаарында жеке ишкерден 200 миң сом пара талап кылган салык кызматкери кармалганын кабарлады.

Маалыматта: Жалал-Абадда иштеген ишкер салыкчы андан 200 миң сом талап кылып жатканын айтып кайрылганы айтылат. Ал арыздын негизинде  ыкчам аракеттер көрүлүп,  салык кызматкери ишкерден 80 миң сом алып жаткан маалда кылтакка илген

Кылмышка шектүү адам 5-октябрда  Бишкектеги №1 Тергөө абагына камакка алынды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here