Биздин жаңы колумнист Эркингүл Койбакова көптөн бери дарыгерлердин эл билбеген жашоосу тууралуу айтып бергиси келип жүргөн. Жаш дарыгер көптөн бери аны кабатыр кылып жаткан тема тууралуу айып берүүнү чечти.

Кичинекей кезимде апам мени бейтапканага кантип алып барганын жакшы билем. Мындай күндөр өзгөчө болоор эле. Мага жуулган жаңы кийимди кийгизип, чачымды жакшылап тарагандан кийин бейтапканага жөнөп кетчүбүз.

Бейтапканадай эң таза, тыкан жер жоктой сезилер эле.

Ак халатчан дарыгерлер, дарынын жыты, ирети менен коюлган карточкалар… Кичине коркуп да кетесиң. Дарыгер сени олуттуу көз карашы менен карап, бир нерселерди тез жазып берет. Ошондо мага медицина бул эң таза нерсе катары таасир калтырчу.

Андан бери көп убакыт өтүп, бул тармакта жийиркенгендер көпкө иштей албай турганын түшүндүм. Өх, эмнелерди гана көрбөйбүз! Кайра жандандыруу бөлүмүнө топ балдар тарабынан зордукталган кызды алып келишти. Ал эсине келбей жатты. Шүмшүктөр кызга белгисиз бир таблетканы беришиптир.

Аны чечиндирип баштадык, эми көзүм жамандыкты көрбөсүн. Биологиялык суюктуктар жүрөк айланткан жытка аралашып калыптыр. Ал жыт азыркыга чейин эсимде. Кыз бир саамга гана көзүн ачып, «ажатканага барсам болобу?» деп сурады. Уруксат берген жокпуз, ал аябай алсыз эле.

Эртең менен анализдердин жыйынтыгы чыкты. Анын толгон токой оорусу бар экени билинди. Улуу дарыгерлер «Колкап кийип карадың беле? Текшерип жатканда бир жериңди тилип алган жоксуңбу?» деп сурап жатышты.

Ал окуя кайгылуу аяктады, бейтап ооруканадан качып кетти. Ооба, мындай учурлар көп эле болот. Атургай кээде оорулуулар жылаңач бойдон кетип калат. Кийин ал кызды милиция издеди.

Өзүңөр көрүп тургандай биз жийиркенчек эмеспиз. Адам кандай абалда болсо дагы жардам берүүгө даярбыз. Анткени оору адамды мусапыр кылып коет. Мисалы, табарсыгы кармабай калган кишилерге дарыгерлердин аябай боору ооруйт.

Бирок мен алты саны аман туруп гигиенаны сактабаган адамдарга түшүнө албайм. Мисалы, ийилте кирпик коштуруп алып, супсулуу болуп созолонгон кыздар бар. Сыртынан эч нерсе айта албайсың, бирок жакын келсең сасыган жыттан жүрөгүң айланат.

Айрым кишилер өзү үчүн болбосо дагы доктурга барарда тазаланып алайын деп ойлобойт. Бир жолу колуна кишен салынган баланы алып келишти. Ичип алып апасын сабаганы үчүн тергөө абагына түшүп калыптыр. Ал жерде түнөгүсү келбей, башы менен тамды бир сүзгөн экен, жаратын тиктиргени бизге алып келишти. Ошол учурда бизде аябай тыкан, кабинетти улам-улам сүрүп-тазалап, колунан аарчыгычы түшпөгөн санитар эже иштечү. Тиги бала аппапак кездеме төшөлгөн кушеткага көлөчү менен чыгып кеткенде, ал эженин өңү купкуу болуп чыкты. Оорулууну алдап-соолап атып көлөчүн чечтирип, бирок ошол замат өкүнүп калдык. Бутунан буруксуган сасык жыттан кабинеттегилердин көзү ачышып чыкса болобу.

Санитарка менен милиционер чыдабай эшикке чыгып кетишти. Карасам медаймдын дагы өңү кубарып араң турат. Мага жардам керек үчүн гана чыдап атканын билдим.

Бөлмөгө кайрадан милиционер кирди. Ал желим мээлей менен беткапты ары жактан алып тагынды да акырын көлөчтү тартып бейтаптын бутуна кийгизди. Андан соң «Эже, анын көлөчү менен эле жатканы жакшыраак экен» деп баш чайкады.

Анын эртеси санитарка бир күн кечке тамак жей албай жүрдү. Бөлмөнү кайрадан жышып жууганга туура келди. Эмнеге ушундай жаш жана дени сак жигит шалтуруктанып өздүк гигиенаны сактабайт? Ушул кантип болсун? деген суроо баарыбыздын башыбызды маң кылды.

Урматтуу бейтаптар, ооруканага келеээрден алдын этек-башыңарды тазалап алгылачы! Мончого барып, өтө эле болбой баратса душка кирип бир чайканып келгилечи. Таза жана тыкан кийингиле. Анан да тишиңерди жууганды унутпагыла. Күн сайын таза жүрсөңөр эч ким кой дебейт. Дагы бир чакан кеңешим: дарыгерге келе жатканда ачкаарын, ашказаныңарды бош алып келгилечи, балким анализ тапшыруу керек болуп калат.

Булак:sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here