Орус ЖМКлары Екатеринбург шаарында белгисиз адамдар кыргызстандык адамды тоноп, бир нече миллион рублин алып кетишкени боюнча маалымат жазып чыгышты. Кылмыштуу окуя кечээ күнү кечке маал  банктын жанында болгон.

26 жаштагы жигит банктан чыккан кезде аны  беткапчан 3 адам травматикалык тапанча менен бир нече жолу атышып,  бир нече миллион рубль акчасын алып, жеңил унаа менен качып кетишкен. Акчасын алдырган жигит врачтардын жардамына муктаж эмес экендиги жана эч жерде иштебегендиги маалым болду. Карактоо видеотасмага тартылып калган

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here