Ушул жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМнин кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдык маарекеси белгиленүү алдында турат. Бул даталуу күнгө карата аймактык кабарчы Нарын ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Улан Аалиев менен азыноолак маектешти.

Улан Аалиев 1974-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында төрөлгөн. Ал эмгек жолун 1997-жылы Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө аймактык тескөөчү болуу менен баштап, 2003-жылы Жайыл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, ошол эле жылдын декабрь айында РИИБдин жетекчиси болуп иштеген. Ал жерде 4 жыл 7 ай кызмат кылып, жалпы 5 жыл 3 ай Жайыл районунда эмгектенди.

Андан кийин ИИМдин Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгында бөлүм башчы, Кемин РИИБдин жетекчисинин орун басары болуп 3 жыл иштеген. 2011-жылы Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын Чүй облусу боюнча жетекчиси, 2013-жылы ИИМде бөлүм жетекчи, 2014-жылы Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын Түштүк аймактык башкармалыгынын жетекчисинин орун барсары, 2016-жылы Чүй ОИИБдин жетекчисинин оперативдүү иштер боюнча орун басары болсо, 2017-жылдын 1-декабрь айынан баштап Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.

«Өзүм юридикалык факультетин бүтүргөнмүн. Окууну аяктагандан кийин аспирантурага тапшырып, Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө аймактык тескөөчү болуп иштеп жүрдүм. Иштеп жүргөн убакта эле, 1 жылдан кийин издөө тобу уюштурулуп, анда жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн 1 инспектору жана 2 аймактык тескөөчү болуп 3 кызматкер иштеп баштадык. Кылмыштын бетин ачууда жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, мени кылмыш иликтөө кызматына алышты. Бул кызматта иштеп жүрүп, мен улук инспекторум менен бирге 5 кишини кармап, Октябрь, Аламүдүн, Ысык-Ата, Ленин жана Свердлов райондорунда жасалган кылмыштын бетин ачканбыз. Бул иш бир окуя менен коштолду. Мен нөөмөттө турсам бир классташым келип, мени менен учурашып калды. Ортодон бир чакыруу түшүп, бара турган даректи тактап жатсам мага келген классташым качып бара жатыптыр. Аны токтотуп “эмне болду? Кайда качып жөнөдүң?” деп сурасам, “унаама бир жүргүнчү түшүп, бир жерге жеткирип кой деди. Андан кийин дагы эки адам түштү. Ээн талаага жеткенде алар унаамды токтоттуруп, мени тапанча менен эки жолу атышты. Артымды карабай качып жөнөсөм, дагы бир жолу атышты» деп калды. Окуя болгон жерге барсам октун эки гильзасы жерде жатыптыр. Классташым алардын экөө унаага шаардагы ГЭС-5тен, бирөө БЧКдан отурган деп маалымат берди. Андан кийин БЧКнын аймагын карасак, бир кабаттуу меймакана бар экен. Мейманканага барып, ал жерде иштегендерден классташым айткан 3 кишини сурадым. Алар “үчөө эмес, бешөө болуп төрт күндөн бери жатышат. Эртең менен чыгып кетишкен. Бул бөлмөдө жатышкан» деп айтышты. Алардын келишин күтүп отурдук. Бир маалда баягы күткөн кишилерибиз келишти. Классташыбыздын унаасынын дөңгөлөктөрүн, аккумуляторун чыгарып алыптыр. Карбюраторун да чыгарып, унааны таштап коюшуптур. Булар 18 каракчылык фактысына шектелип, алар жасаган кылмыштардын беттери ачылган», — деди ал.

Улан Аалиев бул окуядан көп өтпөй улук опер кызматына көтөрүлүп, резонанстуу киши өлтүрүүлөрдүн бетин ачкан.

«Андан кийин Жайыл районунун кылмыш иликтөө кызматынын башчысы кылып жиберишти. Бул жерден чоң кылмыштын бетин ачтык. 2003-жылы 5-апрелде Убактылуу кармоочу жайдын башчысы, милициянын капитаны Мирлан Абдыжапаровду өлтүрүп кетишти. 6-апрелде эртең мененки саат 05:00дө жансыз денеси табылып, саат 09:00дө өздүгү такталды. Кулактары, муруну кесилип, көздөрү чукулуп, эң коркунучтуу абалда табылган. Ички иштер министри «бул кылмыштын бетин канча убакытта ачасың?» дегенинен «жарым саатта» деп айтып алып, жарым сааттын ичинде ошол кылмыштын бетин ачканбыз. Кылмыш жасаган 3 киши экен. Экөө ага-ини болсо, бири инисинин досу болгон.


Мындан сырткары, Кара-Балтада дагы киши өлтүрүү болду. Башы жана колу-буту жок жансыз дене табылып, 3 ай кылмыш ишин иликтедик. 3 айдан кийин кылмыштын бети ачылып, аны өзүнүн өгөй баласы өлтүргөндүгү аныкталды. Ал биринчи өгөй атасын мылтык менен атып өлтүрүп, андан кийин башын, колу-бутун кесип, таанылбай калсын деп өрттөп жиберген экен. Кийин ИИМдин бөлүм башчысы болуп иштеп жүргөндө Медет Садыркуловдун (коомдук ишмер) үйүнө кулак, манжа таштап кетип, алдымда иштеген кызматкерлер бул кылмыштын бетин ачышкан. Бирок, бул кылмыштын бети ачылгандан кийин мени кызматтан алып коюшту. Ошондой эле, кылмышты бетин ачкан кызматкерлердин баарына оперативдүү жумушка “жол бербөө” берип, алар 3 жыл аймактык тескөөчү болуп иштеп жүрүштү. Мен болсо ИИМдин карамагында жүрүп, кийин Кемин РИИБдин башчысынын орун басары болуп иштөөгө жиберишти. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кайра ачылганда, Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын Чүй облусу боюнча жетекчиси болдум. Негизи эле биздин кылмыш иликтөө кызматынын жумушу өтө оор, татаал, бир чети кызыктуу. Көптөгөн резонанстуу оор кылмыштардын бетин ачууга жетиштик. Кээде кызыгып, кылмышты иликтөөгө алганда тамак ичкенибизди дагы унутуп койчубуз», — деди ал.

Улан Аалиев: «Быйыл эле Нарын шаарынын таштанды төгүүчү Карга-Жайлоодо чоң кылмыш иши катталды. Бир кишини өлтүрүп, төшөккө ороп таштандыга таштап кеткен. Бул кылмыштын бети эки күндө ачылды. Аны бир тууган жээни өлтүргөн экен. Ал маркум менен Бишкектен Нарынга жолго чыгып, уруша кетишкен экен. Натыйжада аталган кишинин жээни аны катуу чаап, өлтүрүп алган экен.

Жакында биз кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдык маарекесин белгилейбиз. Чынында милиция кызматкерлеринин жумушу жоопкерчиликтүү. Учурдан пайдаланып, кесиптештеримди куттуктайм. Аларга ден соолук, аманчылык жана бакыт каалайм», — деди ал.

Нарын милициясы 1920-жылы ноябрь айында түзүлгөн. Андан бери Нарын облустук ички иштер башкармалыгын 16 жетекчи башкарып келди. Ал эми учурда Улан Аалиев аталган башкармалыктын он жетинчи жетекчиси болуп 2017-жылдын декабрь айынан бери иштеп келет.
Булак.turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here