Ар бир кыз бетинин терисинин сулуу, жумшак таза болуусун каалайт. Бирок, андай мыкты натыйжага кантип жетүүгө болот экенин баары биле бербесе керек. Көп учурда кыздар бет териси мыкты болушу үчүн кымбат косметикалык каражаттарды колдонушат. Бирок, ал дайыма эле эффективдүү болуп, алар каалагандай натыйжа бере бербейт. Косметологдорго да барышат, алардын процедурасы деле аз убакытка жетип, беттин териси кайра мурунку калыбына келип калат. Эмне кылуу керек?

  1. Сууну көп ичүү

Беттин терисин жаш алып жүргүӊүз келсе сууну көп ичкенди үйрөнүӊүз. Организмде суу канчалык көп болсо, беттин териси ошончолук жалтырап, таза жана жаш көрүнөт. Суудан тышкары мөмө-жемиштерди көбүрөөк колдонуӊуз. Алар организмдеги токсиндерди, шлактарды чыгарып, натыйжада бет териси жалтырайт. Бир суткада адам бери дегенде 1.5 литр сууну ичүүсү шарт. Бирок, суу десе чай же таттуу суусундуктар менен алмаштырбоо керек.

  1. Лимон ширеси

Ар бир үйдөгү муздаткычта лимон болсо керек. Лимон теринин бактериясына каршы мыкты жардамчы десек да болот. Эгер күндө лимондун ширесин бетиӊизге сүйкөп турсаӊыз беттеги безетки жана кара тактардан арылууга болот.

  1. Туура тамактануу

Туура тамактануу териге абдан таасир берет. Муну баарыбыз билгенибиз менен куурулган тамактарды, майлуу манты, самсаны көргөндө беттин териси эмес курсак биринчи орунга жылат эмеспи. Өзүн сүйгөн, бет териси жакшы болсун дегендер өздөрүнүн рационунда A, B, C, D, E, витаминдери менен кошо, ар кандай буламыктар менен бирге мөмө-жемиштерди көп колдонушат. Бул азыктардын баары эстетикалык сулуулукту тартуулоочулар.

 

  1. Чай багынын майы

Бул май терини тынчтандырып, тазалап, аны бактерия, грибоктордон сактайт. Аны чачка да колдонууга болот.

  1. Алоэ гүлүнүн ширесинен маска

Алоэ гүлүнүн ширеси тамак ооруганда гана эмес, беттин терисин тынчтандырып, кабылдоону жоготуп, ага антибактриалдык жардам көрсөтөт. Ал безеткиде жакшы жардам берет. Анын ширесин сыгып алып өзүн же ага бал кошуп бетиӊизге он мүнөт койсоӊуз бет териси оӊоло түшкөнүн байкайсыз.

  1. Ачыткыдан маска

В витаминине бай болгон ачыткынын маскасы бет терисин жумшартып, бырышын жазат. Ал үчүн үч кашык сүткө бир кашык ачыткыны салып ал көөп чыкканча күтөбүз. Андан кийин бир чай кашык бал менен бир аш кашык унду салып аралаштырып, пайда болгон масканы бетибизге коебуз.

Самара Саламатова

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here