Ала-Бука райондук соту 47 жаштагы Бегимайдын (аты өзгөртүлдү) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Ал күйөөсүн өлтүрүүгө айыпталганы соттун токтомунда айтылат.

Окуя 2016-жылдын 28-октябрында болгон. Айыпталуучу дүкөндө күйөөсү Илгиз (аты өзгөртүлдү) менен урушуп кеткен. Жаңжал учурунда Илгиз аялын чаап, Бегимай аны текчеде турган бычак менен сайып жиберген. Анын кесепетинен күйөөсү ошол жерде көз жумган.

Соттолуучунун айтымында, окуя болгонго чейин күйөөсү 3 күн бою арак ичип, дүкөндөгү кыздарга кыйкырып, аларды ыйлатканга чейин барган.

«Дүкөндө иштеген кыздарды үйлөрүнө жөнөттүм. Күйөөм «сен көп акча таап, мени укпай калдың» деп чаап, андан кийин муунтту. Ал мени «көмүп салам» деп коркутканда ага бычакты берип, мени өлтүрүп сал дедим. Күйөөм эшикке чыгып, жыгылып түштү. Анын жүрөгү ооруду деп ойлоп, ооруканага алып бардым.

Мен ага бычак сайган эмесмин. Ал арак ичип, порнографиялык тасмаларды көрүп, мени тасмадагы көрүнүштөрдү кайталоого мажбурлачу. Буга чейин экөөбүз ажырашып, мен Бишкекке, Россияга кеткем, бирок ал ооруп калганын айтып, кайтып келүүмдү суранып жашап калганбыз. Мени токмоктогонун эч кимге айтчу эмесмин», — деди айыпталуучу.

Маркумдун агасы Бегимайды 15 жылга эркинен ажыратууну суранды. Ал эми сот аны 3 жылга жатак абакка кести.
Булак: .turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here