Мамлекеттик  сыйлык-наамдарды көрүнгөнгө “оптомунан”  тарата беришип,  кадыр-баркын кетирип бүтүштү. Бул “КРнын баатырынан”, кийинки эле  “Манас” баштаган сыйлыктарды кимдер гана албады. Коррупционерлер,  жеп-жуткучтар, шопур-мопур, кылмышкер, кошоматчы, айтор ушул өңдөнгөндөргө да  берилип кетти. Эми Жээнбеков да эл жек көргөн, кылмыш  козголгондорго  “Манас” орденин берип турганы коомчулуктун кыжырына тийип турат. Маселен, ал бул абройлуу  делген сыйлык  Кыргыз-Орус Славян университеинин түшпөс ректору Нифадьев Владимир Ивановичке да берилди. Эмнеге? Кайсы эмгеги үчүн? Бул адамга мурунку депутат Каныбек Осмоналиев менен чогуу коррупция беренеси  боюнча кылмыш иши козголбоду беле. Эми кылмышын кыскарта чаап, “Манасты” берип, көкөлөтүп жатканы кайсы логикага сыят? Баш чайкап, жерге гана түкүргөндөн башка арга жок. Баса, ушул эле “Манас” орденин профессор Айтпай Казакбаев да алды. Эми ал аксакалдын келинин бакандай вице-премьер, баласы депутат  болуп турса алат да. Болбосо, булардан ашкан татыктуулар таанышы, акчасы жок эле сыйлыкка жептей жүрүшпөйбү.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here