29-сентябрь күнү Кочкордун Ормон  хан айылында улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленди. Бул мааракени өкмөт менен “Кочкор коому”  биргеликте өткөрдү. Алп манасчынын урматына күндүз: аламан, жорго, кунан, кыргыз күрөш, көк –бөрү оюндары уюштурулду. Бул ат оюндары менен күрөштүн байгелерине жалпысынан 1, 5 миллион сом каралган. Бул оюнча өзүнчө кеп кылабыз…

Ал эми кечке маал мааракенин маданий бөлүгү манасчылардын сынагы менен башталды. Биз ушул сынак тууралуу кыскача маалымат менен  тааныштыралы. Манасчылардын сынагына республика боюнча  жалпысынан  30 манасчы катышуу ниетин билдирген. Бирок сынактын эрежеси боюнча манас айтычууларга  калыстар тобу даярдаган билетти алып, “Манастагы”  кайсы бөлүм туш келсе, ошону айтыш керек болгон. Ушундан улам жаттама манасчылар катышуудан баш тартышкан. Ал эми аян менен айткан манасчылардын ичинен: Дөлөт Сыдыков, Улан Исмаилов, Нурбек Талантбеков, Азис Биймырза уулу тандоо турунан өтүп, Кочкор жергесиндеги сынакта төгүлүп-чачылып өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.4 манасчынын ар бирине 20 мүнөттөн убакыт берилди.

Жыйынтыгында баш байгеге коюлган 300 миң сом байге манасты ушунчалык берилип жана көркөм айткан айтылуу манасчы Дөөлөт Сыдыковго берилди.

Биринчи орун – Улан Исмаилов.  Байге -150 миң сом.

Экинчи орун —  Нурбек Талантбеков. 100 миң сом. (Арабаев атындагы окуу жайдын студенти)

Үчүнчү –орун Азис Биймырза уулу – 50 миң сом. Бул да жаңыдан чыгып келаткан манасчылардын бири.

Белгилей кетсек, манасчыларга жалпысынан 500 миң сом байге коюлган. Анын 400 миң сомун өкмөт жеңген манасчыларга которуу жолу менен бермекчи. Ал эми 100 миң сомун “Кочкор  коому”  берген.

Ошентип көптөн күткөн залкар Манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150жылдыгы мамлекеттик деңгээлде болуп өткөнүнө кубанычтабыз.150жылдыктын урматына өткөрүлгөн Манас айтуучулук сынагында Дөөлөт Сыдыков баш байгени жеңди.. КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыраар алдында Манас эпосу жана Манасчылык өнөрү боюнча маанилүү сөздөрдү айтты..Ар дайым Сагынбай Орозбаковдой болгон залкар инсандар даңктала берсин…Алар жөнүндө көп айтылып, санаты сакталышы керек..

Опубликовано Ырыс Океновой Воскресенье, 30 сентября 2018 г.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here