«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы – Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Чолок-Кайың айылынын 37 жаштагы тургуну Жылдыз Бакасова. Ал мындан 8 жыл мурун балдарын коргоп калуу үчүн ач карышкыр менен кармашкан. Жылдыз жеңе эстен кеткис окуясын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

Жылдыз Бакасова 1981-жылы 18-октябрда Кош-Дөбө айылында төрөлгөн. 1988-1998-жылдары Эргеш Мейманов атындагы орто мектепте билим алып, мектепти аяктаган соң Бишкектеги Сүймөнкүл Чокморов атындагы окуу жайда билим алган. 1998-жылы турмушка чыгып, 2000-жылы турмуш шартка байланыштуу жолдошу экөө 5-6 жыл Кашка-Суу жайлоосунда элдин жана өздөрүнүн малын багып жашашты.

2011-жылы Нарын педагогикалык окуу жайында билим алып, алгачкы эмгек жолун айылдагы «Кайбылда Касмалиев» атындагы бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенүүдөн баштаган. 2013-жылдан бери Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенип келет. Учурда Нарын мамлекеттик университетинин 4-курсунда билимин улантууда.

Жаш келин менен ач карышкырдын бетме-бет кездешүүсү

«Мындан 8 жыл мурун башымдан өтө коркунучтуу окуя өттү. Башкача айтканда, ажал менен бетме-бет келгендей эле болдум. Мен ал кезде 29 жаштагы келин элем. Кашка-Суу жайлоосунун Кырчын чөлкөмүндө жайлачубуз. Жапайы карагат бышып, күн сууктап калган кеч күз болчу. Карагат терип келип, аны эт туурагыч менен тартып бүтүп, идиштерди жууп келейин деп үйдөн 12-15 метр аралыктагы булакка баргам. Жанымда 3 жаштагы кызым менен 2 жаштагы уулум бар эле. Идиштерди жууп бүтүп, ордумдан туруп жатсам бир көк ит мени көздөй келе жаткан. Башында «ит» турбайбы деген ой менен маани деле берген эмесмин. Бирок иттен чоңураак көрүндү. Качан жаныма жакындап келгенде гана карышкыр экенин билип, дене боюм титиреп, кара тер басып, жүрөгүм оозума кептеле түштү. Ал түз эле мага келип ырылдады. Мен «кет» деп колумдагы темир табак менен тап берип калдым. Карышкыр менин колумдагы табакты тиштеп жулуп алып, жулкулдатып кирди. Мен жанымдагы кызымды артыма жашырып сууга отура калдым», — деди Жылдыз жеңе.

Карышкыр менен кармашуу

«Карышкыр темир табакты тиштегилеп, ары-бери жулкулдап жатып, кызым экөөбүздөн 4-5 метр алыстап калган эле. Аңгыча ары жактагы ойноп жаткан баламды көрүп, аны карап калды. Ошол учурда мен Ч.Айматовдун «Кыямат» чыгармасы боюнча тартылган «Акбаранын көз жашы» деген тасмадагы баланы тиштей качкан карышкырды элестетип кеттим. Дароо ордумдан тура калып, карышкырды көздөй жөнөдүм. Анын маңдайына барып, тап бердим. Ал мени көздөй атырылып, эки астыңкы бутун көкүрөк жагыма көтөрүп, ырылдап, оозун ачкан бойдон мойнума тумшугун салууга аракет кылды. Мен анын оозуна оң колумду салып бердим. Карышкыр кычыратып тиштей берди, мен болсо «атакелеп» жардам сурап кыйкыра бердим. Бир убакта кандай болуп жыгылганыбызды деле билбейм, экөөбүз тең жерге жыгылдык. Мен анын желкесинен мыкчый кармап, аны басып жыгылыптырмын», — деди Жылдыз айым.

Кайнатанын үнү карышкырды качырды

«Боз үй менен булактын ортосу 15-20 метр эле аралыкта болчу. Үйдө 81 жаштагы кайнатам бар эле. Менин кыйкырыгымдан улам кайнатам боз үйдөн чыга калып: «Эмне болду кызым, ит бекен?» деп кыйкырык салып калды. Кайнатамдын үнү мага дем бердиби, айтор «ата, карышкыр» деп кыйкырдым. Карышкыр эркек адамдын үнүнөн коркот деп угуп жүрчүмүн. Чын экен. Кайнатамдын үнүн уккан карышкыр бир силккенде эле мен анын үстүнөн оодарылып жерге түштүм. Ал туруп алып шашпай желип кете берди. Менин дене боюм калтырап, колум кан… Жоолугум бир жерде, бут кийимим бир жерде калыптыр. Болжол менен 10 мүнөттөй убакыт кармашкан окшойм. Арык болгону менен чоң карышкыр экен. Саат 15.30 чамасы болчу», — деди Жылдыз жеңе.

Дарттан дарылануу

«Ошентип колум кан боюнча эле кайнатама жетип бардым. Колумду көргөн кайнатам «ээ кокуй балам» деп көзүнө жаш алып, колумдун канын токтотууга аракет жасай баштады. Курмушу деп коёт. Кийизди күйгүзүп, колума басып кирди. Кан токтогон жок. Марганцовка алып чыгып, аны кан аккан, карышкыр тиштеген жерлерге сээп чыкты. Кан кичине токтоп калды. Колум дароо эле аябай шишип чыкты. Ал күнү айылга байланышып, болгон окуяны угузушту. Бирок ал күнү эч ким келе алган жок. Мен таңатканча парацетамол ичип чыктым. Эртеси күнү айылга алып кетишти. Айылдын дарыгерлери райондук ооруканага жиберишти. Ал жактан жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырып коюшту. Андан соң текшерүүдөн өткөрүшүп, кайра хирургияга жаткырышты. Бирок карышкыр менен кармашканымды айтсам эч ким ишенбейт. Акимчиликтен дагы кишилер келишип, «ит менен алмаштырып жаткан жоксуңбу?» дешти. Ошентип бир топто араң ишеништи. 18 күн ооруканада бекер дарыланып, бир жылдан ашык убакыт эмдөө жүргүзүштү. Азыр болсо кудайга шүгүр. Баары бир карышкыр тиштеген жерде так калып калган. Күн суукта ооруйт. Колумдун сөөктөрү көрүнүп калган», — деди баатыр жеңе.

Бааланбай калган баатырлык

«Ошол убакта апамдар 15 сомдук сыр табак деп койчу. Абдан калың темир табак эле. Ошол табакка карышкырдын бир тиши кирип табакты тешип кетсе, экинчи тиши кирип барып токтоп, үчүнчү тишинин изи түшүп калыптыр. Ошол учурда балдарымды ойлоп, карышкырдан коркуу сезими деле болгон жок. Менде ошол учурда балдарымды гана коргоп калуу деген ой турду. Эгер кайнатам болбогондо ач карышкырга жем болмокмун. Карышкыр кутурганда жана ач болгондо адамга кол салат деп коюшат. Мага ач карышкыр кол салыптыр. Ошол жылы «Кыргыз туусу» гезити гана «Жылдын мыкты инсаны» деген наам ыйгарышты. Башка баалап, барктагандар болгон жок», — деди балдары үчүн жанын тобокелге салган Ж.Бакасова.

Жылдыз Бакасова балдарын коргоп калуу үчүн ач карышкыр менен бетме-бет кармашкан

Опубликовано Б. Шайымбековой Воскресенье, 30 сентября 2018 г.

Мугалимдик кесиптен сырткары кол өнөрчүлүк менен алектенип, шырдак жана башка үй тиричилигине керектүү кийиз буюмдарды өзү эле жасап алаарын кошумчалады.
Булак: .turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here