28-сентябрда Маедониянын Скопье шаарында башталган Ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта Мелис Турганбаев коло байге тагынды.Бул тууралуу  turmush жазып чыкты.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин мурунку жетекчиси М.Турганбаев 56-60 жаштагы спортчулар арасында 78 кг чейинки салмакта күч сынашты. Ал 1/4 финалда россиялык Владислав Егоровдун үстүнөн таза жеңишке жетишкен.

Ал эми финалга чыгуу үчүн франциялык Герард Россо Санторо менен күч сынашып, 0:6 эсебинде утулду. Көңүл жубатуучу раундда М.Турганбаев украиналык Сослан Адырхаевди 4:0 эсебинде жеңип, жыйынтыгында 3-орунга жазылды.

М.Турганбаев 2016-жылы Польшада өткөн ардагерлер арасындагы дүйнөлүк чемпионатта дагы 3-орунду ээлеген болчу.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here