Кыргызстандагы «Оскар” комитети режиссер Темир Бирназаров тарткан  “Түнкү кырсык” көркөм  тасмасын АКШнын “Оскар” сыйлыгына сунушталганын аталган комитет кабарлады. Бул комитеттин кечээ күнкү отурумунда  Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тасмасын да  караган. Бирок жыйынтыгында  “Түнкү кырсык” фильми тандалып алынган. Эске сала кетсек, «Түнкү кырсык» тасмасы Эстонияда 1997-жылдан бери өтүп келаткан «Темные ночи» деп аталган Эл аралык «А» классындагы кинофестивалда   баш байгени жеңген. Баш байгеге 10 миң евро экени айтылган.    Айта кетсек, аталган кинофестиваль  дүйнөдөгү эң мыкты, эн абройлуу деп эсептелген 20 дүйнөлүк кинофестивалдын ичине кирет. Бул кинофестивлдын баш байгесин жеңүү үчүн дүйнө өлкөлөррүнөн 100дөгөн кинолор ат салышкан. Иргелип олтуруп мыкты деген   18 кино тандалып алынган.  Анын ичинен Бирназаровдун бул киносу баш байгени багындырган. Кино тарыхындагы маалыматка таянсак мындай абройлуу сыйлыкты ушул кезге чейин Орто Азия боюнча биринчи жолу  аталган кино алды.

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here