-Биздин имараттарыбыз бийиктеген сайын — сабырыбыз төмөндөп барат.

-Жолдорубуз кеңейген сайын -көз караштарыбыз тарып баратат.

-Көп коротобуз, көптү сатып алабыз, бирок коротконубузга нараазыбыз, сатып алганыбызга кубанбайбыз.

-Чоң үйлөрдү салабыз, а анда жашагандар аз.
Чоң үйлөр салынган сайын чоң үй-бүлөөлөр азайып баратат.

-Жашоону ыңгайлоо менен убарабыз. Ал ыңгайлашкан сайын убакыт да эч нерсеге жетпес болду.

-Билимдин күчтүүсүн алабыз, бирок акылыбыз аз иштейт.

-Билермандарыбыз көп, андан проблемаларыбыз азайып калган жок.
Медицина өнүккөн сайын ден-соолугубуз начарлап барат.

-Юмор көп, бирок жылмайган адам аз.

— Дааватчылар, молдолор көбөйдү бирок адепсиздик андан көбөйүп, ыйман, пейил жок.

-Көп уктайбыз, бирок эс албайбыз.

-Унааларыбыз тез жүрөт, бирок туугандарга такыр жетпейбиз.

-Билимге умтулабыз, бирок баалуулуктарды жоготтук.

— Көп сүйлөйбүз, бирок түшүндүрө албайбыз.

-Сүйүүнү көп сүйлөйбүз, бирок көп жек көрөбүз.

-Туура жолду билебиз, бирок кыйналып жашайбыз.

-Өмүргө жылдар кошула берет, бирок ал жылдардын жаны жок, өлүк денедей, агып кете берет.

-Космос жөнүндө адашпай сүйлөп бере алабыз. Бирок бир адам менен он жолу телефондошуп, араң табышабыз.

-Чоң иштерди сүйлөйбүз, кичине иштерди кыла албайбыз.

-Жаратылыштын экологиясы деп кыйкырабыз, жаныбыздын экологиясына кам көрбөйбүз.

-Көптү пландайбыз, азга жетебиз.

-Шашканды үйрөндүк, бирок күткөндү унуттук.

-Интернетте досторубуз көп, жашоодо эч кимибиз жок.

Автор: Элмирбек Иманалиев, Кыргыз эл артисти

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here