Сагымбай Орозбак уулу

 Дүйнөдө 100дөгөн улут жашаса, кыргыздан башка эч бирөөндө жарым миллион сапты жатка айткан бирөө болгон эмес. Мындай өзгөчөлүктү, кайталанбас талантты, айтып бүткүс кереметтүү касиетти Алла Таала кыргызга гана ыроологон экен. Ондогон кылымдар бою “Манасты” угуп, үйрөнүп, айтып, кыргыз эли өздөрүн коргоп, сактап, ушул заманга чейин жетип олтурат.

Элибизде биз билген, билбеген ондогон залкар манасчылар чыгышкан жана алар манасты күндөп-түндөп, айлап айтышкан. Ошентип атадан балага, укумдан-тукумга калып, бир бөксөрүп койбой, өнүп, өсүп, өркүндөп, тоодой тоскоолдуктардын баарын жеңип, бүгүнкү күнгө чейин жетип олтурат.

Манасчылар жөнүндө кеп кылганда, залкар манасчы Сагымбай Орозбак уулу жөнүндө айта кеткенибиз жөндүү.

 Залкар манасчы Сагымбай Орозбак уулу Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Кабырга (азыркы Тору-Айгыр айылы) деген жерде 1867-жылы жарык дүйнөгө келген.

Сагымбайдын атасы Орозбак жаш кезинде Ормон ханга жылкычы, кийин акылынын зиректигинин, ар ишке жөндөмдүүлүгүнүн пайдасы тийип, жылкычы башы болот. Агасы Орозойдун тирүүсүндө керней тартканды үйрөнүп жүрчү экен, агасынын көзү өткөндө Ормон ханга кернейчи болот. Санжырачылардын айтканына караганда Ормон хандын акылмандыгы, чексиз айлакерлиги, калк башына каран түн түшүп, ажал менен өлүм алка жакадан алып турганда, «солк» этип койбогон эр жүрөктүүлүгү, бекем туруктуулугунун натыйжасында баскынчы Кенесарынын жакшы куралданган, такшалган 20 миң колун талкалоодо, кыргыз жерин сактап калууда кернейчи Орозбактын да салымы болгон экен. Ал киши кернейин тартканда анын сүрдүү добушу кунан чабым жерге угулуп, мурда мындай «шумдукту» угушпаса керек, баскынчылардын үшү кетип, маанайлары төмөндөп, ич ара ыркы кете баштаптыр.

Сагымбай «Манасты» 15-16 жашынан эле айта баштайт. Жаш кезинен эле оозго алынып, Нарын, Ысык-Көл өрөөнүндө элге кеңири таанылат. Чоң манасчы Келдибекке улгайып калганында жолугуп, анын купулуна толот, «Манас» айтуунун ыкмаларын, баалуу кенештерин угат. Кийин такшалгандан кийин, 30 жаштарында тыягы Кетмен-Төбө, Алай, Анжиянга чейин манасты айтып барыптыр. Ысык-Көл, Чүй, Таластын эл-журт башкарган мыктылары, билермандары чоң-чоң аш-тойлорго чакырышып, кара таандай жайнаган калың элдин алдында манасты айттырышып, зор ынтаа менен угушчу экен. Кайсы бир жылы Чүй өрөөнүндө манасты айтып келгенде 400 кер кашка жылкы айдап кеткен экен дешип, карыялар бүгүнкү күнгө чейин аңыз кеп кылышат. Казак туутандарга барып, алардын ырчылары менен жолугушканда: -Биздин казак, кыргызда мындай олуя ырчы жок,-деп Сагымбайдын табият берген чексиз зор талантына калыстык баасын беришиптир.

Сагымбай колу ачык, казан-аштуу адам болуптур. Эл аралап, жер кыдырып таап келген олжолорун ага-тууганына, жарды-жалчыларга таратып берчү экен.

Ата-бабаларыбыздын баа жеткис мурасы болгон «Манас» эпосун 55 жаш куракка келип калган Сагымбай Орозбаковдун айтуусунда кагаз бетине түшүрүүчүлөрдүн биринчи демилгечиси, кыргыздын фолклорун жыйноодо талыкпай эмгектенип, ченемсиз эмгек сиңирген жыйноочу фолклорист Каюм Мифтаков болгон.

Кийин 1922-1926-жылдарда Ыбырайым Абдрахманов тарабынан жазылып алынып, бүгүнкү күндөргө жетип олтурат.

Түркстан Республикасынын эл агартуу комиссариатынын тапшыруусу менен Сагымбай Орозбаковдон 260 басма табак көлөмүндө «Манастын» биринчи бөлүмү 1922-1926-жылдарда жазылып алынган. Эпосту жазууда айрым ичитар, көралбас, акылы тайкы адамдар тарабынан каршылыктар көрсөтүлүп, анын ата-тегине чейин шек келитиришип, «манасынды өрттөп салабыз» деп опузалашып, жетиштүү шарт түзүлүп берилбегендиктен, Сагымбай ооруп калып, өтө унутчаак болуп калгандыгына байланыштуу андан ары улантпай калган.

Төрт жыл бою «Манастын» чоң күйөрманы Ыбырайым Абдрахмановду ээрчитип жүрүп, калем акы албай, кыйын-кысталыш учурду баштан өткөрүшүп, үй-жайга да ондуу карабай жүрүп, эптеп Манастын биринчи бөлүмүн бүтүрүшкөн. Ошондо улуу манасчы:

— Ыбырайым, азыркыбызга кейибейли, кийинки укум-тукумубуз үчүн кейийли, жүр-нарыга салбай жакшылап айтып, жакшылап жазалы, булар билбесе кийинки калыс өспүрүмдөр билер. Бизге ыракмат айтышар,-деп жогору жактагылардын адамгерчиликсиз мамилесине маанайы чөккөн Ыбырайымга дем берип, өзү да да келечек муундардын кызыкчылыгы үчүн демине дем кошулуп, «манасын» мурдагыдан да ашыгыраак дүпүлдөтө айтып, ден соолугунун начарлаганына карабай, жазуу иштерин аягына чыгарган экен.

«Манас» эпосунун чоң күйөрманы, дүйнөгө атагы чыккан улуу жазуучу Мухтар Ауэзов: «Кыргыз элинин баатырдык Манас поэмасы» деген эмгегинде: 20-жылдардын башында Түркстан илимий комиссиясы поэманын бүткүл бөлүгүн мугалим Ыбырай Абдырахмановго айтып жаздыруу үчүн С.Орозбаковго кайрылган. Абдырахмановдун айтуусу боюнча «Манасты» жаздырууга Орозбаков чоң шыктануу менен киришип, жай мезгилине чейин эпостун биринчи бөлүмүн жаздырып бүткөн. Ушул эле жайда ал экинчи бөлүгүнөн 1000 барактай жаздырган. Ыбрай Абдрахманов менен Сагымбай Орозбаков ушул иштерин жайлоодо, айыл менен кошо көчүп-конуп жүрүп жасашкан.

Бирок бара-бара Түркстан илимий комиссиясы өзү баштаган ишти унутат да эпосту жазып жаткан кишилерге колдоо көргөзбөстөн таштап салат. Абдырахмановдун борборго нечен курдай кайрылып, жазган каттары жоопсуз кала берет»[1], — деп улуу эпостун кийинки муундарга жазып калтырууда шалаакылык, кайдыгерлик менен мамиле кылган айрым кенебес адамдарга катуу нараазы болгон экен.

«Сагымбай эл көп чогулуп, көп берерине көзү жетсе укмуштай кызып, төгүп, айтар эле. Бир эле окуяны ар бир айтканда бир калыпта кылбай, башкача айтыш өз ыктыярында эле.[2]

Сагымбай толугунан келген, тегерек, кызыл жүздүү, тиштери кашкайган, ырандуу, ырдаганда тиштери кашкайып турган киши эле. Сагымбай ырдаганда үнүн укмуштуудай кубултуп жиберчү: көөдөнү кенен, үнү кубаттуу эле. Сагымбай Манас айтканда алдына сары майды аякка куйдуруп коюп олтуруп айтаар эле.

Сагымбай бир койдун этин бүтүн жеп, артынан бир чоң чанач кымызды же бозону бүт ичер эле»- деп жазган. Ы. Абдырахманов улуу манасчынын «Өмүр баяны» деген тарыхый чыгармасында.

«Манас» жазылып жаткан кезде Сагымбай ар түнү түш көрүп, баланча жери жаздым болуп калыптыр, деп кайра жаздырар эле. Алмамбеттин окуясын жазып жаткан учурда түшүнө Алманбет кирип, эртеси: «Алманбет кызыл чийкил жигит экен, кашы кытайча чийилген, көзү бакыракай, үстүнө кийгени ичик, кызыл аңдын териси экен, ар бир кылынын жоондугу чийдей бар. Нарындагы Бети-Каранын талаасында Манастын колу Бээжинге жөнөп жатыптыр, тиккен чатырлары ак экен», — деди. «Манастын кийген кийими: башында ак кийиз калпак, үстүндө төө боз чепкен, кыскасы мүлдө кыргыз пормосундай эле. Аттарынын туяктары чарадай, кулактары типтик, кыйган камыш сыяктуу»,-деп, өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылып, кийинки муундарга ушу эпосту жаздырып, түбөлүккө калтырып кеткен экен, кайран киши.

Сагымбай өзүн «Семетейчимин» деп эсептечү экен. Сагымбайдын байбичеси Сайнап апа өзүнүн эскерүүсүндө минтип айткан экен: «. . . Себеби абышка өзүн «Семетейчимин» деп айтчу. Семетейди айтканда аябай эргип, толкундап баштачу, аны өтө жеңил айтчу».

Анын нечен миндеген сап «Манасын» жазып алган Ыбырай Абдырахманов:

«Сагымбай өзүн жана өзүлөрүнүн укум-тукумун жалпы колдоп, даарып жүргөн Семетей деп эсептеп, «Семетейди» өзгөчө шык менен айтчу экен. «Семетейдин Конурбайдан кун кууган урушун» айтканда жөн эле эсим оогон»[3],  — деп жазыптыр кийин өзүнүн эскерүүсүндө.

Ушул жерде чоң өкүнүч менен айта кетүүчү нерсе, бүгүнкүдөй техника болуп, семетейчи Сагымбайдын «Семетейи» магнитофонго жазылып, телеге тартылып алынганда, кыргыз маданияты дагы чексиз байып, «Манас» үч илтиги болжолсуз көлөмгө ээ болмок экен, атаганат.

Сагымбай Орозбаков улуу манасчы эле болбостон, өз мезгилинин чыгаан акыны болгон. Анын ырларын атактуу фолклор жыйноочулар К. Мифтаков, Ы. Абдырахманов жана С. Сооронбаевдер тарабынан жыйналып, Кыргыз илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусуна тапшырышкан экен. Бирок андан бери арадан 80-90-жыл өтсө да ал жөнүндө окумуштуулар, тилчи, адабиятчылар тарабынан изилденип, бул баалуу мураска бүгүнкү күнгө чейин тиешелүү баасын берише электиги албетте өкүнүчтүү нерсе.

Адабият күйөрманы Чодон Болсуналиев чоң атасы Дүйшөдөн үйрөнгөн Сагымбай Орозбаковдун бул ырын «Кыргызстан маданияты» газетасынын 1989-жылдын 23-февралындагы № 8 санына жарыялаган:

Ободон булут уюса,

Мойнундан тамчы куласа,

Үйүң да болсо тышка тең,

Көтөрүп койгон кышка тең.

Жаман менен баш кошсоң,

Тан атпайт да кеч кирбейт,

Жамбашка өткөн сызга тең.

Тантык менен сүйлөшсөн,

Жарыбайсын сөзүнө,

Татыбаган тузга тең.

Карынын болсо нускасы,

Каркыралуу кызга тең.

Кылымга жакын мурда жаралган бул ырдын мазмуунун, маанисин, ыр саптарын түзүүдөгү акындын зор чеберчилигин урматтуу окурмандар өздөрү таразалап алаар деп ойлойбуз.

XIX кылымдын 70-жылдарында орустар көлдү ээлей баштап, 1880-жылдардан кийин Ормон хандын туугандары Кочкорго сүрүлүп, аны менен Сагымбайдын үй-бүлөсү кошо кетет. Ошондо Сагымбай киндик каны тамган касиеттүү Ысык-Көлгө кайрылып, төмөндөгү ырды чыгарган экен:

Ырыстуу кайран Ысык-Көл,

Илгертен өскөн биздин эл.

Көзүмдү ачып көргөн жер,

Айдаган малым өнгөн жер,

Жайлооң ай, төрүң ай,

Токоюң ай, талың ай,

Коену койдой жайнаган,

Адырда аркар маараган.

Үңкүрдө үкү талпынган,

Көлдө бака чардаган,

Жардысы байдай байыган,

Анчылар аңын уулаган».

Бул ырды тарыхчы Белек Солтоноев 1889-жылы Сагынбайдын өз оозунан жазып алыптыр.

Сагымбай «Алтын Көкүл», «Эр Төштүк», «Абай менен Көбөйдүн чатагы», «Алтын сакал Айкожо», деген дастандарды, «Санат ырларын» айтчу экен.

Манасчы Багыш Сазановдун айтуусунда кыскача айтылган Сагымбайдын «Торгой менен жылаан» деген дастанына көңүл буралы.

“Кара чаар жылаан октолуп,

Каршы алдын тоскон жок болуп.

Ийрилип жаткан кан ичээр,

Ийинден чыкты козголуп,

Кактанып күнгө жаткан соң,

Курушу бир аз жазылып,

Бирок курсагы калган ачыгып,

Бака менен чычкандан,

Күнүгө сорот далайды,

Убалга канкор карайбы?

Чымчыктан сорду канчаны,

Жакында жандар калбады,

Кезиккенин арбады,

Ачыгып калган онбогур,

Атүгүл,

Асманда кушту арбады.”

Сагымбай жаш кезинде махабат ырларын көп ырдачу экен.

Ал ырдаганда мукам үнүнө, табият тартуулаган өң-келбетине жаш кыз-келиндер катуу ашык болушса керек. Орто бою, кызыл жүзү, оттуу көздөрү аны ого бетер сүйкүмдүү көргөзүп, табият берген таланты ого бетер ашып-ташып, тапка келген күлүк тулпардай ээ-жаа бербей ырдап, көргөн адамдын көзүнүн кычуусун кандырып, бир кумардан чыгарса керек.

Ошондой эле элге белгилүү, мартабасы жогору адамдар дүйнөдөн өтсө аларга арнап кошокторду чыгарып, маркумдун келген кыздарына үйрөтчү экен. Үнү бийик, уккулуктуу, уккан адамдарга таасирлүү болгондуктан чоң-чоң аш-тойлордо жар чакыруу милдети Сагымбайга тапшырылчу экен. Жогорудагыдай мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, айлап-жылдап эл аралап, касканактаган калың элдин алдында узак убакыт бою чарчап, чаалыкпай, кысынбай, тартынбай айтышы Сагымбайдын талантынын күн санап, ай санап өсүшүнө шарт түзүлүп, жыйынтыгында дубанды бузган, «Манасты» бир нече айлап айткан залкар манасчы болуп чыга келет.

Токтобүбү, Бурулбүбү деген эки кызы энеси Сайнаптын: “Кыз кишиге «Манас» айткан жарашпайт, тор түйгүлө, сайма сайгыла, — деп урушканына болбой, эркектердей малдаш токунуп алып, салабаттуу кишилердей отуруп алып “Манасты” айтышчу экен. Атасынын өзгөчө өнөрү Токтобүбүдө болуптур.

Кийин бой жетип турмушка чыкканда, көшөгөнүн ичинде «Манас» айт деп чоролор чокмор менен эсин оодара сабашчу экен. Эс учуна келгенде: — «Сен «Манас» айтпа», — деп күйөөсү урчу экен. Ошентип эки кысымды көтөрө албаган жаш келин тез эле каза болот.

Кичүүсү Бурулбүбү да турмушка чыккандан кийин «Манасты» айтканды токтотот. Оозунан ак көбүк чыгып, көгөрүп-татарып, жатып калган күндөрү болот. Күйөөсү: — Кой, Бурул, кыйналбай «Манасынды» айта бер дейт. Бирок Бурулбүбү: «Келин болуп туруп, жыланбаштанып отуруп «Манас» айтканым жарабайт», — деп айтпай коет.

Эки бирдей кызынан ажырап калган Сагымбай «Манасын» айтпай, бир топко чейин токтотуп койгон экен, кайран киши.

Атасы Сагымбайдан 7 жашында калган Аманкул 8-9 жылдан кийин ата жолун жолдоп, «Манасты» айта баштайт. Кийин Москвада болуп өткөн Кыргыз маданиятынын 1-декадасына катышып, Калининдин колунан алтын саат алууга татыктуу болгон экен.

«Аны атамдын көзүн көргөн киши Ыбырайым Абдырахмановго бердим», — деп сүйүнүп келген эле балам. Маскөөдө көп кишилер менен бирге болуптур. Атасын тааныгандар аны колдошуп:

— Сакебиз эми жаралыптыр, ал киши өлгөн жок, тирүү экен, — деп аябай сүйүнүп, бетинен өөп, көп насаат сөздөрүн айтканын түгөтө албай, үйгө келгенде айтып берген эле.

Төбөң түшкөн согуш! 1946-жылы уулумдан кабар болбой калды. Өкүнүч арты өкүнүч болуп, түгөнбөгөн ойдун түбүнө түшүп, ушул күнгө чейин аны күтүп жүрөм»[4], — деп эскерет Сайнап байбиче.

Бул жөнүндө Кочкор айылында жашаган, 75 жаштарга келип калган, Самүдүнов Калмырза карыя мага тастыктап айтып берген эле.

1897-жылы болсо керек, орустун падышасы Александр III өлүп, ордуна Николай II такка отурган экен. Падышанын урматына бир сомдук күмүш акча чыгарылыптыр. Николай II нин башы түшүрүлгөн күмүш акчаны Токмоктун базарынан көрүп, колуна кармап, көпкө чейин ойлонуп, өзүнчө күбүрөнгөн экен: «Бул падыша кара жолтой, эң жаман падыша болот экен го! Акчанын бетине мууздоосунан жогору башын түшүрүптүр, мунун убагында баш кесилүү, кан төгүлүү көп болуп, өзү да соо калбайт экен го».

Кыргыздын ошол кездеги мыктыларынын бири Сооронбайдын уулу Дүргө айткан экен: «Дүр, сен улуктарга жакын эмессиңби, мен жаңы падышанын акчасынан жаман жышаана көрдүм. Акчасына бутун, тулку-боюн түшүрсө болбойбу, элдин каны төгүлбөй калса болбойбу», — деп кийинчерээк боло турган кан төгүүлөрдү чанда гана адамдардын шыбагасына туш болгон өзгөчө касиети менен алдын ала сезип, бир айла таап, алдын алып, токтотуп калса деп, айткан тура кайран киши.

Сагымбайдын атасы Орозбак Ормон хандын кернейчиси болгондугуна байланыштуу кандын айылында чоңоюп өскөн Сагынбай ошол кездердеги кыргыздын мыктылары, ар кайсы уруулардын уруу башчылары менен жакындан тааныш болгон. Алар менен алака жасап, алардын нуска сөздөрүн, санжыраларын уккан. Ормон хандын баатырдыгын, айлакерлигин, келечекти көрө билген касиетин жогору баалаган. «Манас» айтып, эл аралап жүргөн мезгилинде ара-чолодо Ормондун кыргыз элине көрсөткөн нар көтөргүс кызматын адилеттик менен айтчу экен. «Көрө албас бузуку, ичи тарлардын колунан каза таппаганда Ормон хан кыргыз эли үчүн бир топ жакшы иштерди аткармак эле», — деп өкүнүп калчу экен.

Кыргыз элинин белгилүү адамдары Сагымбайдын баа жеткис талантына калыстык баасын беришип, кыргыз элине кылган кызматын жогору баалашып, кийинки муундар айта жүргүдөй залкар ойлорун айтышкан.

«Сагымбайдан жазылып калган тексттерди кунт коюп окуп чыккан ар бир адам Сагымбайдын сөз байлыгына, акындык чеберлигине баш ийбей койбойт. Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. Балким, эч убакытта кайталанбас руханий көрүнүштүр», — деп, дүйнөлүк адабияттын өсүшүнө зор салым кошкон, кара сөздүн улуу чебери Ч. Айтматов да залкар манасчынын табият берген кайталангыс улуу талантына калыстык менен баа берген.

«Биздин кыргыз акындары айткандай: «Сагымбайдын бир сөзү бир аттык». . . Өзүбүздү көтөрбөй айтканда орус классиктерин жана Күн батыш адабияты менен тааныш биз сыяктуу кишилерге Сагымбай Орозбаков да Пушкин, Толстой». Данте, Шекспир сыяктуу таң калтыруучу күч болуп сезилет. Биз орустун улуу чеберлерине баш ийгендей, Сагымбайга да баш ийебиз», — деп жазган кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмонов.

Көрүнүктүү филолог Жирмунский Виктор Максимович (1891-1971) 1947-жылы жазган «Манас» эпосун изилдөөгө киришүү» деген эмгегинде: «Өзүнүн көлөмүнүн кудурети боюнча кыргыз эпосу дүйнөдөгү эпикалык эстеликтердин бардыгынан чондук кылат. Манасчы Сагымбай Орозбаковдун оозунан жазылып алынган 250000ге жакын ыр саптары Фирдоусинин «Шах-Намесинен» эки эсеге, Гомердин «Илиадасынан» 16 эсеге көптүк кылат», — деп, океан сымал эпосубуздун башкасын кошпогондо, Сагымбай айткан вариантынын чексиз көлөмүнө окумуштуулук көз караш менен өз пикирин билдирген экен.

Улуу манасчынын акындык зор таланты жөнүндө кыргыздын дагы бир улуу акыны, манасчысы Молдобасан Мусулманкулов: «Акындык жагынан ага тең келген күчтү көргөн эмесмин, биз анчейин гана баласы катарындабыз», — деп, улуу устаты жөнүндө бир сүйлөм менен гана так, таамай айтыптыр.

Кыргыз элинин баа жеткис байлыгы, улутубуздун улуу сыймыгы, ата-бабаларыбыздын зор мурасы, ааламда тендешсиз Манас эпосун келечек муундарга калтырууда нар көтөргүс салым кошкон залкар манасчы 1930-жылы Кочкор өрөөнүндө Кара-Күнгөй айылында дүйнөдөн кайткан.

1992-жылы Кочкор районунда манасчынын 125 жылдыгына Ала-Тоонун алты дубан элинен миндеген өкүлдөр катышып, атадан балага, укумдан тукумга айта жүргөндөй зор салтанат менен өткөрүлгөн.

Бактыбек Максүтов,

Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин экс-депутаты,

 Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

 

 

 

 

 

 

[1]    Улуу манасчы Сагымбай. Бишкек, 1992-ж. 94-6.

 

[2]    Улуу манасчы Сагымбай Орозбаков. Бишкек 1992-ж. 64-6.

 

[3]    «Мурас» журналы, Бишкек. 1991-ж. №4, 17-6.

К.Ибраимов. Ы.Абдырахманов. Ф. Илим, 1987-ж. 21-6.

[4]    Мурас журналы, Бишкек, 1991-ж. №, 18-6.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here