Ар бир аялзаты мыкты дене мүчөсү тууралуу кыялданат жана аны мыкты алып жүрүү үчүн ар кандай аракеттерди жасашат. Катуу диетага отурушат, косметикалык каражаттарды колдонушат, дарыларды ичишет жана спорт менен машыгышат. Андай болсо да, биздин “фигурабызга” өзүбүздүн адаттарыбыз көп таасир беришет. Ошондуктан, кээ бир терс адаттардан арылгандан кийин гана мыкты дене мүчөӊүздү сактап кала аласыз.

Түштө  тамактанбай калуу

Түштө тамактанбай калуу дене мүчөгө абдан терс таасир берет. Себеби, кечке ачка жүргөн организм нормадан ашык талап кылат. Андан сырткары убагында тамактанбай калган организмде майлар чогула баштайт, ал майлар бөйрөктүн ылдый жагында, курсакта көбүрөөк чогулат.

Жаныбарлардын майынан баш тартуу

Балыктын этинен, эт тамактарынан жана сүттөн баш тартуу эмес. Биз манты менен самсыга кошкон уйдун же койдун ич майлары тууралуу сөз кылуудабыз. Ал эми майы жок этте тескерисинче белок көп болот. Ал сиздин дене мүчөӊүздүн келишимдүү болушуна пайдалуу.  Ал эми өсүмдүк майын каалаганча колдоно берсеӊиз жакшы. Ал курсактагы майды кетирүүгө жардам берет. Салатыӊызды майонез менен эмес, өсүмдүк майы менен аралаштырсаӊыз да өтө пайдалуу.

Нан салмакка салмак кошот

Туура, чындыгында көп нан жеген адам толук болот. Бирок бардык нан семирте берет дегенден алысмын. Ак нан жана андан жасалган таттуу токочтор семиртет. Эмне үчүн доктурлар операция болгон бейтаптарга кара нанды же кургатылган нанды сунушташат. Себеби, аларда клетчатка бар. Алар организмдин иштешине көп деле тоскоолдук кылбайт. Ичеги карындын иштешин да жөнгө салат.

Жалкоолук

Жалкоолук дегенде иш кылбаган адамды элестетебиз. Туура, бирок азыр иш кылмак турсун алысыраак кадам таштагысы келбегендер туурасында сөз болууда. Керебетте чалкалап жатып алып телевизор тиктеп отурсаӊ спорт эмес жанагы химиялык таблеткалар да жардамын бере албайт. Себеби, адам канчалык кыймылдуу болсо, дене түзүлүшкө ошончо жакшы.

Арак ичүү

Алкоголь канчалык ачуу болсо, анда ошончолук калория көп. Алкоголь ачка кылбайт, тескерисинче калориянын көптүгүнөн организмге зыянын тийгизет.

Дүкөндөрдөгү соустар

Кожойкелер тамактын даамын чыгарыш үчүн тамакка кошумчаларды, соустарды көп колдонушат эмеспи. Дал ошол соуста шекер, май жана канцерогендер көп болгондуктан тамакты даамына чыгарып коёт. Тамак даамдуу болгону менен ден соолукка бир топ зыянын тийгизет. Себеби, андагы калориялар дене мүчөгө бычак эле десек да болот.

Газдалган суусундуктар

Газдалган суусундуктар ашказанга жакшы болгону менен, айрыкча лайт деген белгиси менен болгон газдалган суусундуктар, табитти ого бетер ачат. Себеби алар шекердин ордуна сахарин колдонгондуктан ал суусундук ашказанга барганда, глюкозаны албаган организм өзүнүн углеводунун порциясын сурай берет. Ошондуктан, суусаганда газдалган таттуу суусундукту эмес, жөнөкөй сууну ичүү сунушталат.

Сыр эӊ биринчи душман

Туура, сыр пайдалуу азык. Бирок, сыр кошулган тамакты жегенде кээ бирлер токтоно албай кетишет. Ошентип, сырды да, тамакты да ашыкча жеп алып, ашыкча салмак кошуп аласыз.

Самара САЛАМАТОВА

Булак:Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here